Президент бул жигитке «Данк» медалын берди

Президент Алмазбек Атамбаев оор турмуштук кырдаалда адамдык бийик сапат, талыкпаган эмгек аркылуу көпчүлүккө үлгү болгон үчүн «Даңк» медалын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургуну Үсөнкожоев Рахатбек Таштанбековичке тапшыруу тууралуу буйрукка президент бүгүн, 28-декабрда кол койду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

1453780603_1

Рахатбек Үсөнкожоев мындан 6 жыл мурун катардагы жарандар сыяктуу балдарынын келечеги үчүн мал-мүлк топтоп күн кечирчү. Ал кырсык каш кабактын ортосунда экенине бүгүн ынанып отурат. Учурда 1-топтогу майып. Капысынан кырсыкка кабылып, эки буту иштебей калгандан кийин жашоосунда чоң өзгөрүү болгон. raxat1

Р.Үсөнкожоев 1983-жылы Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган. Учурда териден камчы, жаа, аялдар жана эркектер көтөрүүчү сумкалардын түрлөрүн тигет. Анын колунан жасалып, 15 миң сомго чейин бааланган сумкалар Кытайдагы кыргыздардын тартып, дүйнөнүн төрт бурчуна чейин тарап жатат.

image-13«Мал багып жүрүп жыгылдым. Басып кетмек тургай отура албай калдым. Менин төшөктө жатып калганым апама абдан оор тийди. Эки жылдан кийин келинчегим таштап кетти. Балдарымды алып калдым. Алардын келечеги үчүн чыйралышым керек эле. Апамдын көз жашын токтотуу үчүн мен да өзүмдү колго алдым. Алгач камчы жана жаа жасап баштадым. Андан түшкөн пайда тамак-ашка гана жетчү. Алардын эң кымбат сатылганы 600 сом болсо, айрымдар 200 сомго алып кетчү.
Бир жолу апам көчөгө көтөрүп чыксын деп териден сапаттуу сумка тигип көрдүм. Байкасам колумдан келет экен. Буга чейин мал багып жүрүп, кошумча иш жасап көргөн эмесмин. Андан кийин камчы менен жааны биротоло токтотуп, сумка жасоого өттүм. Жатып алып тиккен сумкалар абдан көп болуп кетти. Аны эч ким сатып алган жок, көңүл да бурушпады. Көп сумка тигип алгандан кийин кантип сатам деп ойлондум. Бир күнү Ат-Башы районунда фестиваль болуп, ага сумкаларымды көргөзмөгө койдум. Элдин кызыгуусу ошондо башталды», — деди каарманыбыз.

Отурган адам да эмгектениши керек деген ураанды айткан Рахатбек, учурда 600 сомдон 15 миң сомго чейинки сумкалардын түрүн тигет. Эң жогору баага сатылган сумкага 8 күн короткон каарманыбыз убактысынын басымдуу бөлүгүн устаканада өткөрөт.

Видео: Азаттык

«Сумкадан тапкан кирешем жакшы. Бирок андан каражат топтоп, дарыгерлерге көрүнгүм келбейт. Дарыгерлер бир пикирге токтолушкан эмес. Бири убакыттын өтүшү менен басып кетесиң десе, кээ бири өмүр бою мүмкүнчүлүгүм чектелген бойдон кала турганымды айтышат. Мен жашоонун кадырын 6 жыл мурун жакшы түшүндүм. Баары убактылуу экенин, кыйынчылыкта кимдин ким экени билине турганын түшүндүм. Дарыгерлерден жакшы жооп уксам ал күндү күтөм. Бирок, жаман жооп уксам жашоомдун кызыксыз болуп калышынан чочулайм.
Балдарымдын келечеги үчүн каражат топтоп, аларды өксүтпөй өстүрсөм дейм. Апам мени жана балдарымды багып жатат», — дейт Рахатбек.
Сапаттуу жана кооз сумкаларга болгон буюртмалар чет өлкөдөгү кыргыздардан көп келет. Интернет аркылуу казакстандыктар да сатып алышат. Кытайлык кыргыздар да көп буюртма кылышат.
Р.Үсөнкожоев 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Рахаттын көптөгөн өнөрлөрүн сүрөттөрдөн көрүнүз.

image-16

image-18

image-19

image-20

image-21

image-22

image-23

image-24

image-25

image-26

image-27

image-28

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз! Kurut.kg сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!