Ошто спортсмен короздор 100 миң сомго чейин табышат (видео)

Ошто ооз ачырган дагы бир тарыхый оюн бар. Ал короз уруштуруу. Короз урушу Ош менен гана чектелбей эл аралык деӊгээлде короздор чемпиондугу да өткөрүлүп турат. Оштук короздор дүйнө чемпиондугун ута элек болсо да Орто Азия чемпиондугунда алтын, күмүш медалдарын тагынып келишет. Мында мыкты урушкан короздордун баасы миӊ долларга чейин чыгат экен. Ал эми алардын Оштогу байгеси 20 миӊ сомго чейин чыгат. Короздор айын бир нече жолу урушка чыгышат.

 

А бул жерде нокаутка кеткен короз

Булак: Азаттык медиа