Нью — Йорк шаарында кыргыз кайрыктары жаңырып өттү (видео)

Merkin Concert Hall в Kaufman Music Center  концерттик залында «Кыргыз кайрыктары Нью Йоркто» аттуу  чоң концерт болуп өттү.

 

4df972926ca749bd5bea0df245af6a12

 

Кеченин конокторуна кыргыз элинин элдик ырлары жана Кыргызстандык  жана Америкалык  композиторлордун буга чейин эл алдына тартуулана элек обондору жаңырды.  Концертке пианист Азамат Сыдыков, Жонатан Левин, Кайры Кошоев, сопранодо Николет Раллис, виолончелист Нурмира Гринберг өнөрлөрүн тартуулашса,  концерттин атайын коноктору Перизат Көпөбаева жана Эльвира Абдилова комузда кол ойното ойношту.

93da4578d8f91aef6f7496174eb1fc17
Николет Раллис Калый Молдобасановдун обонуна жазылган “Ысыккөл вальсы”   ырын аткарды.

 

 

Пианист жана компазитор Жонатан Левин Атай Огонбаевдин «Эсимде»  аттуу чыгармасын, өзүнүн композициясында пионинодо ойноп берди.