Мирбек Иманбеков мас абалында гитара сынганча мушташкан (видео)

 

Видеого эстрада ырчысы Мирбек Иманбековдун «Балалык» аттуу ырды ырдап жаткан мезгили тартылган. Ал учурда жанында отурган адам менен пикир келишпестик жаралып, ырчынын колундагы гитараны ал адам алып башка чапкан. Гитара талкаланып кеткен.

Ал видео алгач социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. Интернет колдонуучулар ар кандай ой-пикирлерин калтырышкан.

Көпчүлүгү ырчынын мас абалы аша чапкан жаман көрүнүш эмес экендигин жазышып, видеону ага жакшы тилектеш эмес адамдар жүктөгөн деп билдирүү калтырышкан. Ошол эле учурда талантын, өзүн сыйлаган адам мындайга жол бербейт деген пикирлер да бар. Мындан тышкары Иманбековдун башына гитара менен чапкан адамдын дарегине да сын-пикирлер жазылган.

Булак: super.kg