Баткенде окуучулар эмдөөдөн кийин реанимацияга түштү

9-апрелде саат 16:00 чамасында Баткен шаарында №3 орто мектептин окуучулары эмдөөдөн кийин ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. Алдын ала маалыматтарга караганда, 5-класстын окуучуларына АДСМ вакцина (дифтерия жана селейме оорусуна каршы дары) берилген. Андан кийин эмделген балдардын 10дон ашыгынын башы ооруп, кускусу келип, титиреп, Баткен областтык бириккен ооруканасына тез жардам аркылуу алынып келинген. Натыйжада 2-окуучу жандандыруу бөлүмүнө, 4 окуучу балдар бөлүмүнө жаткырылды. Дагы 9 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатат.