XXI- кылымдын ханбийкелери. Алар кандай жашашат?

Ханбийкелер… Жомоктогудай перилер баарыбызды кызыктырат, суктандырат. Бул топтомдо биз азыркы учурдун ханбийкелерди карап көрүүнү чечтик. Алардын жашоосун Kurut.kg назарыңызга сунуштайт.

Ханбийке Александра, Люксембург

Ханбийкелер1

24 жаштагы сулуу Анри герцогунун жана уулу герцогиня Терезанын жалгыз кызы. Спорт менен алектенип, 5 тилде эркин сүйлөйт. Жогорку окуу жайда адабият жана философияны изилдейт. Толук аты — Александра Жозефина Тереза Шарлотта Мария Вильгемина.

Айым Амелия Винзор, Улуу Британия

Ханбийкелер2

Амелия болгону 20 жашта. Жашына карабастан  Англиянын эң сулуу айымдарынын бири.  Амелия Елизаветы II жана Сент-Эндрюсс графынын кичүү кызы. Ханбийке  келечекте журналист болгусу келет. Модага кызыгат

Мария-Луиза ханбийкеси, Бельгия

Ханбийкелер4

Астрид ханбийкесинин жана эрцгерцог Лоренцтин кызы Мария 21 жашта. Ханбийке Улуу Британияда окуйт жана  көпчүлүк көңүл арткан кыздардын катарына кирет.

Ханбийке Иман, Иордания

Ханбийкелер5

Ханбийке Иман бинт аль-Абдулла —  Иордании ханы  Абдаллы II жана ханыша Раниянын улуу кызы.  20 жашта. АКШ дагы Джорджтаун университетинде билим алат.

Ханбийке Шарлотта, Монако

Ханбийкелер 6

29 жаштагы Шарлотта Казираги  атактуу голливуд жылдызы Грейст Келлинин кызы. Ханбийке Сорбонадан журналист кесибин алып, Лондондогу белгилүү Above журналында иштегенге жетишкен.

Ханбийке Мако, Япония

Ханбийкелер 8

Ханбийке Мако Акисино — жапон императору Акихитонун кызы. 24 жаштагы  айым  Токиодогу Эл аралык христиан университетин бүткөн. Окуучу кезинде аниме сүйүүчүлөрү арасында белгилүү болгон.

Ханбийке Мария-Олимпия, Греция жана Дания

Хагбийке Мария

 Грецияда расмий түрдө монархия жок болсо дагы, акыркы хандын неберелерине наамдар берилип турат. Ханбийкенин үй-бүлөсү Англияда жашайт, Мария  Нью-Йорке университетинде графикалык дизайн искусство багытында билим алат жана  Diorмода үйүндө такшалмада жүрөт.

Ханбийке Габриэлла, Австрия

Ханбийкелер 10

Габриэлла Мария Пилар Иоланда Жозефина Шарлотта —  эрцгерцогдор  Мари-Астрид жана Карла Кристиандын кичүү кызы. Ханбийке 22 жашта, өлкөнүн акыркы императору Карлдын чөбөрөсү.

Ханбийке Полин, Монако

Ханбийкелер 13

Полин Грейс Магай Дюкре —  Монако ханбийкеси Стефаниянын кызы. 22 жашта,  профессионалдуу түрдө көркөм гимнастика жана дайвинг менен машыгат. Ошондой эле эл аралык цирк искусство фестивалына катышып турат.

Инфанта Леонор, Астурия ханбийкеси, Испания

Ханбийкелер 14

Кичинекей ханбийкенин ата-энеси —  Испании монархтары. Инфанта Леонор,  Астурия ханбийкеси —  Испания  ханы Филипп VI жана ханыша Летициянын кызы. Леонор 12 жашта.