Турмуш курууга ылайыксыз мырзалардын 15 түрү

Кызганчаак
Кызганбаган мырза бейишке кирбейт деп коет… Бирок баардык нерсенин закон ченемдүү негизде болгону жакшы эмеспи. Тилеке каршы бүгүнкү күнү көпчүлүк айымдар, кызыл камчы жолдошторунун азабын тартып келет. Анын бирден бир себеби албетте — кызганыч. Психологдордун изилдөөсүнө көз чаптырсак, кызганыч өзүнө ишенимсиздиктен жана бир топ комплекстерден улам келип чыгат.

ot-kakix-muzhchin-nado-izbegatЭгер жигитиңиз кызганчаак болсо балким ойлонууга мезгил келип жеткендир.

Контролер
Сиздин баскан турганыңызды аңдып, телефондогу смс, чалууларды, соц тармактарды текшерип, күмөн жараткан фактыларды издеген мырзалардан качыңыз! Мындай мамиленин аягы жакшылык менен бүтпөйт, анткени бара бара сиз байкабастан торгой сымал капаска бекилип калышыңыз толук ыктымал.
Сынчы
Сиздин кийинүү стилиңизден тартып кыймыл аракетиңизге чейин сындаган мырзалар, эсиңизде болсун зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Мындай жүрүм турумдун себеби жалгыз калуудан корккондуктан келип чыгат. Андыктан ал адам сиздин өзүңүзгө болгон ишенимди жок кылганга чейин, кутулганга аракет жасаңыз.
Деспот
Көк бет, өзүнүкүн бербеген, зөөкүр, өзүнүн оюун гана туура деп санаган мырзаларды заманбап тил менен “Деспот” деп коет. Алар сиздин көз карашыңыз, каалоолоруңуз менен эсептешпейт. Бул психопатологияда оору катары дагы кабыл алынат.

Агрессор
Айымдын аброюуна шек келтирген сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүүдөн тайманбаган мырзадан оолак болгон жакшы. Анткени алар тамаша ирээтинде дагы сиздин маанайыңызды түшүргөн кептерди айтуусу мүмкүн. Бул психологиялык манипуляция деп аталат. Бул типтеги мырза сүйлөшүп калсаңыз “ Башка бирөөнү шылдыңдап – өзүң бийик боло албайсын” деген кепти унутпаңыз.
Көз карандуу
Нарко, алко кумар оюундарына көз карандуу мырзалар сизге бакыт алып келбейт. Мындай адамдардын маанайы жаздын желиндей бат- бат алмашып турат. Алар көз карандуулугун алгач такыр моюунга алышпайт, бирок убакыттын өтүшү менен жашоосу трагедия менен аяктайт.
Эмоциональный шантажист
Эгер таштап кетсең жанымды кыям деп боорукерлик сезимдерди ойготууга аракеттенген мырзалар, алсыз болуп саналышат. Мындай мамиленин махабатка эч кандай тиешеси жок. Анткени алардын башкы коркунучу бул четке кагылып калуу болуп саналат.

Альфонс
Окубайт, иштебейт, келечеке максат жок сиздин каражатыңызга күн кечирип келген адам. Түшүнүктүү эле болсо керек, мындай адамдардан болушунча алыс качуу керек. Өзүн эптебеген – өзгөнү жарытмак беле?
Манипулятор
Сизди өзүнүн максаттарын орундатуу үчүн жүргөн мырзалар. Ал адам үчүн сиз болгон күчүңүздү салып, анын суранычтарын аткарасыз. Бирок сиз жардам менен кайрылсаңыз “Жок” деген жоопту угасыз. Албетте мындай мамиле жагымсыз сезимдерди калтырат. Ойлонуп чечим чыгаруу сиздин колуңузда.

Имиджмейкер
Сизди өзүнүн кандайдыр бир мамлелерин, же ореинтациясын жашыруу максатында колдонот. Айлана — чөйрөгө идеалдуу образ түзүп, укмуштуудай белектер менен коомчулукка иллюзия жаратат. Көпчүлүк кыймыл — аракеттер эл үчүн спектакль катары жасалат. Мындан улам ойлонуңуз, бирөөнүн колунда куурчак катары анын сценарийинде актер болуу сизге керекпи?

Айымдарды жек көргөн мырза
Апасын, эжесин, мурунку сүйлөшкөн кыздарын, жубайын баарын жек көрүп алар тууралуу жаман оюн билдирген мырза… Ал сизге башында кандай гана ниетин билдирбесин, баары бир сиз дагы көңүлү калган айымдардын тизмегине кошуласыз. Бул көйгөйдүн себеби анын бала чагында тарыхта катылып жатат.

Анткор
Мындай мырзалардын артында чатак менен аяктаган ажырашуулар, ташталган жубайлар, кароосуз калган балдар, сынган тагдырлар катылып жатат. Алгач сиз менен ал адам өзүн башкача көрсөтөт, өзгөрүлөт деген ката ой. Алгач андай мырзалар өзүн мыкты алып жүрөт, бирок окуянын аягы баары бир сыздаган жүрөк, көз жашка толгон уйкусуз түндөр менен аяктайт.

Ипохондри
Ден соолугуна ар дайым күмөн санап, өзүнөн кандайдыр бир ооруну издеген адам. Ал ар дайым уктоо процессин, тамактануу жана сиңирүү маалын деталдап айтып берип ар дайым кемтик издейт. Мындай адамдар депрессияга жакын алар үчүн жашоо кара түскө боелгон. Элибизде айтып коет эмеспи “жакшы тилек жарым ырыс” андыктан, позитивдуу адам менен жашооңуз кызыктуурак болот деген ишеничтебиз.

Алдамчы
Далилденген фактыларды танып моюунга албай, жооптон качкан мырзалар эң коркунчутуу болуп саналат. Анткени “таттуу жалганга караганда ачуу чындык жакшы” эмеспи. Мындай адамдар менен өмүр сүрүү сазда бара жаткандай сезим калтырат. Ойлонуп көрүңүз бир келген жошоону алдамчыга арноо туурабы?

Дон Жуан
Алдынан өткөн бир дагы юбканы жөн кое бербей, ар бирине жагынып калуунун амалын ойлогон мырзалар туруктуу мамиледен коркушат. Алар мамиледе дистанция жок болуп бара жатканда, бат эле партнерду алмаштырып турат. Дон Жуандардын көпчүлүгү, бала чагында кыздар көңүл бурбаган мырзалар болушкан.