Мурунга карап, мүнөздөмө берүү

 

Ийри мурун

d5038d8e-1ebe-478e-8871-4aca3dd170d6

Сиздин колуңуз ачык, берешендик жайыңыз бар, дайыма жардам бергенден баш тартпайсыз. Бирок, көңүлүңүз бир нерсеге бат түшкөндүктөн, сизди таарынтып алуу оңой.

 

Кетирекей мурун

bdda1bfc-3a63-4893-8658-5d8857db1afb

 

Күтүлбөгөн  жерден чечим чыгарып, ойдо жок кадамдарга барып жибересиз. Сиздин бул кыймылыңыз жакындарыңызга көп деле жага бербейт. Ачык сүйлөп, бетке айткан мүнөзүңүз бар. Койгон максаттарга жетүү үчүн баардык иш-аракеттерди жасап, кыялыңызды орундатасыз.

 

Бий мурун

0c75f5a1-bf79-425e-8510-5323c932d98b

Сиз чыныгы оптимист адамсыз. Кандай гана маселе болбосун дайыма анын чечүү жолун табасыз. Жакын адамдарыңыз үчүн жардамыңыз дайым даяр. Баардык маалыматтардан кабардар болуп туруу сизге жагат.

 

Түз мурун

12bf74a3-efe1-4d76-8817-35991f67285d

Мүнөзүңүз бороон – чапкын, бир заматта кабагыңыз бүркөлүп буркан – шаркан түшүп, кайра бир заматта жазылып кетет. Акыл калчап иш кыласыз. Мындай мурундун ээлери менен талкуу жүргүзүп, талашып – тартышуунун кереги жок.

 

Рим муруну

69764fab-2692-456e-86c4-036c1b851e3c

Бул мурундун ээлери ар тараптуу ой жүгүртүп, ар бир иште өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүшөт. Талкууда оюн бийик коюп, көз карашын далилдеп, намысын  коргош үчүн баардык ишке барышат.

 

Кырдач мурун

8fcb9126-23e7-450c-84bc-d74a80eb89fb

 

Үйдө да, жумушта да сиз абдан керек адамсыз. Көңүлүңүзгө жакпай калган адамдардан дайыма алыс жүргөнгө аракет кыласыз. Сизде сырдуу мүнөз бар болгондуктан, айланаңыздагылар сизди жоош, бир сүйлөгөн адам деп ойлошот.

 

Балык мурун 

deab0301-7d53-41b5-807d-fe4ebca0dcaa

Мүнөзүңүз абдан жумшак.  Жакындарыңызга дайыма жакшы маанай таартуулаганды жакшы көрөсүз. Достошконду, сырдашканды жакшы көрөсүз. Сиз жумушта да, маанилүү маселелерди чече ала турган жайыңыз бар, ошол себептен сиз менен иштешкен жеңил жана жагымдуу болот.

 

Бүркүт мурун

92d60dec-595f-417b-9500-e5619f01fabb

Сиздин табигаттан берилген уюштуруучулук жөндөмүңүз бар. Сиз уюштурган баардык иш-чара ийгиликтүү өтөт. Буга себеп, сиз талыкпай эмгектенип, чогуу иштегендерге акыйкат  мамиле кыла билгендигиңизде. Ар бир кыйынчылыкты жолун таап кете аласыз.