Кыздардын жүрөгүн багындыруунун 10 жолу. Эркин Нурбаевден кеңештер

Эркин Нурбаев жөн гана талантуу актер жана теле — алып баруучу эмес. Ал көпчүлүк айымдарын кыялына айланган идеалдуу мырза. Андыктан айрым мырзалардын кулагына күмүш сырга… Жакында мамиле курам, же биринчи жолугушууга барам дегендер болсо, алдыдагы кеңештерге назар салыңыз.

9Спирт ичимдиктерин жана тамекини аз өлчөмдө колдонуу керек. Айрыкча айым менен жоолукканда жыттанып турса, ирээнжитип коюшу толук мүкүн.
Спорт жана спорт. Айрым мырзалардын убактысы тар, ошондуктан машыгуу залына күнүгө бара албай калат. Жок дегенде жумасына 2 жолу сүзүүгө барып турса ден соолука жана өң келбетке пайдалуу.

10Сыналгыны, чөнтөк телефонду эле тиктеп отура бербей, анда санда китепти дагы ачып коюуш керек. Интелектти бийик мырзалар модадан эч качан калбайт.

8Айымдардын гана эмес, калайык калктын жүрөгүн багындыруу үчүн үндүн тембри жана сүйлөө эрежеси (чечендик) маанилүү. Айрым үнү ичке жигиттер, атайын тил курстарына барып, чеберчиликти өздөштүрсө жакшы болот.

7Гигиена, тазалык, жытка көңүл буралы. Анткени бекринен айтпаса керек. “Биз адамдарга эмес-алардын жытына ашык болобуз”.

3Коомдук жайларда, автоунаага кирүүдө эшикти ачып берүү, столдун үстүнөн тамак аш салып берүү, комплимент жасоо ар бир эле кызга жагымдуу болот. Марзалык милдеттерди эстен чыгарбайлы!

5Чөнтөктө каражат жок болсо кездешүүгө барбай эле койгон оң. Анткени айымдар ар бир мырзадан коргоочуну издейт. Ал эми сүйлөшкөн кызыңа элементардуу ысык чай, кофе, таттууларды алып бере албасаң, кыздарда ишенбестик сезимдер ойгонот.

2Биринчи кездешүүнү пландоо маанилүү: бизде көпчүлүк тандаган бар, кафелерде түтүн жыттанып бийик музыканын коштоосунда бири-бирин тиктеп отурууда эмне пайда? Андан көрө жаратылыш, каток ,атка минүу жана башка жерлер жакындан таанышууга мыкты вариант.

4Биринчи жолугушууда кызды кучактап, жакындык мамилеге талпынуу, айымдын көңүл калуусу менен аяктайт.

1“Менин болгон толгонум ушундай, кааласан кабыл ал каалабсаң кой… “ деген адамдар бакытты айланып өтүшөт. Мамиледе сен күнөөлүүсүң, мен күнөөлүүмүн деген айрым принциптеден баш тартып, кечиргенди үйрөнсөк бактылуу түгөйлөр көбүрөөк болмок.

 

Сүрөтчү: Асан Торобеков