Чачты күн сайын жуугандан тажадыңызбы? Анда бул ыкманы колдонуңуз

 

Эгер чачты күн сайын жуугандан тажап, бирок жуубай да койо албасаңыз анда сизге атайын устаттардын кеңешин сунуштайбыз.

 

Дүйшөмбү

волосы

Башты акырын кылдаттык менен жууйбуз. Атайын чачка арналган бальзам менен чачты жумшарткан соң, чачтын өзүн кургатабыз (фен колдонбой). Эч кандай чачты тармалдатпай, түз боюнча калтыруу керек. Жатаардын астында тарап, чачты басып жатпай, жаздыктын үстүнө чыгарып, эгер чач узун болсо арткы жагын байлап же, өрүп койсо болот.

 

 

Шейшемби

 

волосы прямые

 

Өзүңүз көнгөндөй кылып чачты тарап коюңуз. Бул нерселерди акырындан жасай берсек, чач бир калыпка көнөт да, каалагандай көлөм жана көрк бере баштайт.

 

 

Шаршемби

волосы плетеные

 

Бул күнү кургак баш жуучу каражатты  (сухой шампунь) колдонуңуз. Бул чачка жакшы витамин берип, чачтын түптөрүн бекем кылат. Андан кийин, чачыңызды кичине болсо да  өрүп коюңуз. Бүгүн чачыңыздин «тил алчаак» болуп калганын жана өргөндө эч кандай кыйынчылык болбогонун байкайсыз. Жатаарда өрүлгөн чачты жандырбай уктаңыз.

 

 

Бейшемби

 

волосы хвосты

 

Чачтын өрүмүн жандырган соң, атайын көлөм берүүчү каражатты колдонуңуз.(тальк для волос)

 

 

Жума

9-121

 

Эми чач тегиз, ойдогудай. Бул учурда чачка арналган атайын лак да жардамга келет.

 

 

Ишемби

суббота

 

Чачты чогултуп, түйгөн соң түбүн атайын орогуч менен таңып коюу керек.

 

 

Жекшемби

12-76

 

Сиз баардык ыкманы жасап, жыйынтыгына күбө болдуңуз. Эми чачты жуу керек. Жуурдун астында алма уксусун чачка сээп алыңыз. Бул чачтын чатышпай, оңой жуулушуна жардам берет.