«Дүйнө сулуусу-2017» наамын 20 жаштагы индиялык Мануши Чхиллар жеңип алды

«Дүйнө сулуусу-2017» сынагында индиялык бийкеч атаандаштарынан алдыга чыгып, таажы тагынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда. Маалыматта жазылгандай, «Дүйнө сулуусу-2017» наамынын ээси Мануши Чхиллар аттуу бийкеч 20 жашта.

209607_007

Дүйнөнүн 118 өлкөсүнөн кыздар катышкан сынак бир ай бою Кытайдын Санья шаарында өттү. Көп сулуунун ичинен калыстар тобу Манушини тандап алышып, сынактын 2016-жылкы жеңүүчүсү пуэрто-риколук Стефани Дел Валье өзүнүн таажысын өткөрүп берди.

209607_16

209607_3

Сынакта экинчи орунду мексикалык Андреа Мезу ээлесе, үчүнчү орунду британиялык Стефани Хилл алган. Ал эми алдынкы ондукка Индонезия, Орусия, Түштүк Корея, Ямайка, Кения жана Франция өлкөлөрүнүн сулуулары киришкен. Мануши Чхиллар Индиядагы медициналык окуу жайлардын биринде кардиохирург адистигинде билим алат. Ал келечекте элет жергесине көптөгөн бейтапканаларды ачууну кыялданат, таза абада спорт менен машыкканды жактырат.

23507137_531583510531564_2555033159141949440_n

23347603_555540428126452_6719806424303534080_n