Арыктабай, бактылуу болуунун сырларын билесизби?

Флоридадагы университеттин окумуштуулары социалдык изилдөө  жүргүзүшкөн, алардын айтымында ар бир жаңы жылдын алдында үчтөн бир адам үчүн негизги бакыт-идеалдуу келбет болуп саналат. Бирок, психологдордун ою боюнча идеалдуу дене түзүлүшкө ээ болууга тырышуу стресстин күчөшүнө алып келет. Ошондуктан,алар жаңы жылда өзүңдүн тулку боюңду кандай болсо,ошондой кабыл алууну сунушташат.

22802172_443406779393626_7149379531306958848_n

Көрсө, өзүңдүн келбетиңе байланыштуу кемчиликтерди өзгөтүүдөн баш тартуу маанайды көтөрүп,өзүн-өзүн сыйлоону жакшыртып,суицидге баруу коркунучун азайтат экен.

Өзүңдү-өзүң сүйүү менен катар эле, окумуштуулар семирүү адамдын организмине орду толгус зыян алып келерин баса белгилешет. Ашыкча салмак аялдардагы рак оорусунун оор түрлөрүнүн өөрчүшүнө өбөлгө түзөт.

25009166_1955017928087073_451435405368098816_n

Чоң адамдар менен катар,жеткинчектер дагы ашыкча салмактын азабын тартып келишет. Акыркы изилдөөлөр  дүйнө жүзүндө 124 миллион бала бул көрүнүш менен жабыркарын көрсөткөн.

18722094_1363855140369153_7277724239422029824_n