Малика — Дина: «Мүнөзүм, келбетим атамдыкы болгону менен, тарбиям апамдыкы»

image (41)

 

 

 

Эне болуу өтө чоң бакыт экенин укчумун, бирок өз жүрөгүң менен сезмейинче ошол бакыттын кандай керемет экенин түшүнүү өтө кыйын экен. Балалуу болгондон кийин жашооң жүз пайызга өзгөрүлөт тура.

 

image (40)

 

15965391_710370885796887_4317123673144753717_n

 

Шоу бизнес да өзгөчө бир чөйрө. Эч кимге ишенгим келбейт. Мен тууралуу кандай гана сөздөрдү чыгарышпады. Ушул күнгө чейин баарын көтөрүп келем.

 

16105868_710370775796898_264536754011720634_n

 

Апам менин курбум, эң жакын адамым. Менин жашоомо чоң бурулуш жасай турган адам. Апамдан эч качан бир нерсени жашырган эмесмин. Болгонун айтып, сырдашып турам. «Бүгүн менде мындай окуя болду же бул нерсе жакпай калды» деген нерселердин баарын апама келип айтам. Бала чагымдан жанынан чыкпай жүргөнгө баардыгын ачык сүйлөшөбүз.

 

image (43)

 

Атам эркелетпесе дагы ошол жетишпеген мээримди апам тартуулап турду.

 

Малика-Дина

 

Көп жерден угуп калам, «кыялың атаңдыкындай» деп. Ачуум келип кыялымды көрсөтсөм, үйдөгүлөр «атаңсың, Маликтин эле өзүсүң» деп калышат. Бирок атам жөнүндө эч нерсе билбейм, аталык мээримин да көрбөдүм. Мүнөзүм, келбетим атам болгону менен, тарбиям апамдыкы. 95 пайыз апам эле болуп калдым окшойт. Негизи мен ак көңүлмүн, чарт-чурт этип алганым менен, кайра бат жазылам.

 

15940973_710370745796901_5920455134488823487_n

 

image (44)