«Мисс Кыргызстан 2017″сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы айтылып жаткан нааразычылыктар боюнча үн катты

Жакынкы чыгарылышта эле «Мисс Кыргызстан 2017»  сынагынын жеңүүчүсү деп Бегимай Карыбекова аттуу сулууну жазып чыктык эле. Ал «Дүйнө периси 2017»  сынагына катышууга  жолдомо алгандыгын, ага ал сынактан да ийгиликтүү келүүсүнө тилектеш болгонбуз.

 

Бегимай-Карыбекова

 

Бирок, эмнегедир бул сынактын артында бир топ ызы – чуу болуп жатат. Ал күнкү сынакта калыстар тобунда отурган ырчы Айгерим Расул кызы, «сынак адилетсиз өткөндүгүн жана сынактын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова алдын – ала айтылгандыгын жана катышуучу кыздар стриптирз бийин бийлешти«  деп катуу нараазычылыгын билдирип жатат.

 

калыстар тобу

 

Ага сынакты уюштурган 2015 – жылдын сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Таттыбүбү Самидин кызы:

2015-12-03_14-27-04_416420

 

«Бегимай англис тилин жакшы билет, подиумда туура басат, ал жеңишке татыктуу. Айгерим Расул кызынын айткандарына теригип, ар бир сөзүнө жооп айтпайм. Бегимайды  Айгеримден башка дагы калыстар тобу колдошту. Айгерим Расул кызы өзү биринчи кечигип, аябай күттүрдү. Мен баардык демөөрчүлөргө ыраазычылык кат уюштургам, ал демөөрчү болбогондуктан, ыраазычылык кат жолдонгон эмес, ошону туура эмес түшүндүбү айтор, залдан бурулуп алып чыгып кетти. Биз токтой туруңуз деген сөзүбүзгө кулак төшөп да көйгөн жок. Ал эми стриптирз бийлешти дегенин угуп аябай таң калдым. Эгерде гимнастикалык жана спорттук бийди стриптиз деп ойлосо, анда анын өз эрки. . Эгерде калыстарды сатып алган болсом, Бегимай үчүн алдын ала атайын дайындалган суроолор берилмек да. Өзүмдүн тааныштарымды калыс кылсам, анда эмнеге Айгерим Расул кызын чакырмак элем? Мен аны ырчы катары сыйлап, өлкө сулуусун тандоого катышуусун каалап чакыргам. Таза тандоо болуусу үчүн ал эле эмес, башка да шоу-бизнес өкүлдөрү чакырылган»

 

 

Ал эми сынакка бир күн калганда сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунова:

03

 

«Мени сынакка бир күн калганда мени четтетип коюшту. Бирок, мен болбой эле көйнөктөрүмдү көтөрүп алып келгем. Андан сырткары катышуучулардын ар бирине 30 билетти 500 сомдон саткыла, сатпасаңар сынакка жолдомо албайсыңар деген, мен 11-12 гана билет сата алдым. Бирок, катышуучулардан кем эмес, мен дагы өз взносумду 5000 сом өлчөмүндө толук төлөгөм» деп ыза — муңу аралаш нааразычылын айтып отурат.

 

Ал эми бул катышуучу тууралуу Таттыбүбү төмөндөгүчө жооп узатты. «Алтынай алгач эле баш байгени сатып алуу сунуштары менен мени тажатып баштады. 2 айлык даярдык учурунда ал 4 жолу репетицияга катышты. Мен ага башында сынакка олуттуу мамиле жасабаса, катышпай каларын эскерткем, дал ошондой болду. Билеттерди сатуу боюнча эч кимди мажбурлаган жокпуз. Ким канча сата алса, ошончо сатылды. Алтынай жөнүндө мага «ал жеӊил ойлуу кыз» деп көп маалыматтар келе баштады. Акыркы күндөгү чоӊ даярдыкка да келген жок. Анан финал күнү сынак башталганда келип, ресторандын эшигин тепкилей баштады.»

Кантсе да, Дүйнө периси сынагына аттана турчу сулууга ийгилик каалап, мекенибиздин желегин желбиретип кел демекчибиз.