50 жаш кеч эмес, мезгилге баш ийбеген мырзалар

Жаш бул жөн гана цифра деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Жарым кылым өмүр сүрүп койсо деле бийкечтердин көзүн кызыктырган мырзалар жок эмес. Ой десе оюу — бой десе бою бар, төгөрөгү төп келишип 50 жаштын кырын ашып калган “Красавчик” мырзалар менен таанышып алыныздар.

Филипп Дюма (Philippe Dumas), 60 жашfilip-dyuma

Филипп өзүн модель катары сынап көрүүнү чечип, образ үчүн сакал өстүрүүнү туура көргөн. Анын образы көпчүлүкө тез эле жагып, ал азыр модельдик агентстволордон байма бай сунуштарды кабыл алып турат.

Энтони Варреччиа (Anthony Varrecchia), 53 жаштаentoni

Нью Йорктун тургуну ак чач келишимдүү мырза модель болуп эмгектенип, спорт жана туура тамактанууну пропагандалап келет.

Джанлука Вакки (Gianluca Vacchi), 50 жашdzhanluka

Бий менен 2 секундда интернетти багындырган италянец мырза бүгүнкү күнү ийгиликтүү бизнесмен, дизайнер жана саякатчы. Жашоодогу позициясы: Ырахаттанып өмүр сүрө билүү.

Эйден Брэйди (Aiden Brady), 50 жашejden

Актер жазуучу жана модель мырза карьерасын болгону 2 жыл мурун баштаган. Бирок Эйден мырзага түшкөн сунуштардын саны абдан көп болгондуктан, ал азыртадан эле бир нече фильмдерге тартылып, мода көргөзмөлөргө чыгып жүрөт.

Эрик Рутерфорд (Eric Rutherford), 49 жашerik

Модель, актер, Голивудда кечелердин уюштуруучусу жана At Large Magazine журналынын редактору көп кырдуу талант. Эркиндикти сүйгөн мырза.

Алессандро Манфредини (Alessandro Manfredini), 48 жаш

alessandro
© alessandro_manfredini / Instagram.com

Убакыт өткөн сайын мырза мыкты болуш керек деген кептин ээси, бул италиялык модельдин популярдуулугу азыр күн санап артууда. Анткени ал өзгөчө образы жана таланты менен режисер, дизайнерлерди багындырып алган.

Дешун Ванг (Deshun Wang), 80 жашdeshun

Убакыттын өтүшү менен мен картайбай жашарам деген кытайлык актер миллиондор үчүн үлгү болуп келет. Тартынчактыкты артка таштап ал 80 жашында кыялындагы мода көргөзмөсүнө чыгып, алкыш жана күйөрман топтой алды.

Ирвин Рэндл (Irvin Randle), 54 жашirvin

Голливуд Жылдызынан айырмасы жок бул мырза мектепте мугалим болуп иштейт. Ал спорт менен машыгып, табит менен тандап кийинүүнү жактырат.

Рон Джек Фоли (Ron Jack Foley), 50 жашron

Торонтодон чыккан Рон Джек Фолли келишимдүү келбети, мода фотосессиялары менен гана чектелбейт. Ал үй-бүлө очогун жан дили менен жакшы көрүп аны бекем кармаган инсан катары да белгилүү.

Шон Майкл Хэфли (Shan Michael Hefley), 54 жаш19250015-collage11-1479719483-1000-88d5184e6a-1479795855

Шон спорт менен машыгып өзгөрүүгө кадам таштаганына бир нече жылдын жүзү болду. Бирок бул убакыттын ичинде Шон айланадагыларга дагы үлгү болуп, жада калса аларга дем күч берип келет.