Жылдыздуу теле алып баруучу Нурзат Токтосунова теледе 10 жыл

Дайыма сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн, кандай гана маданий иш – чара болбосун аны көркүнө чыгара алып барган жылдыздуу теле алып баруучу Нурзат Токтосунова

 

 

1021346971

сүрөт: sputnik.kg

Мектеп ачууга концертти чогуу алып барган Нурсултан Майназаров түрткү болгон. Ал «Тамашоудо» ойноп жүргөндө негедир аны алып баруучу кылгым келе берчү. Бир күнү эфирге чакырып, ал жак-бул жагын үйрөтүп, анын өздөштүрүп баратканын көрүп «кой, мен алып баруучулар мектебин ачам» дедим. Телевидениеде иштегениме көп эле болуп калды, бул жылдарда көңүл сынган да, көзүмдү жашка толтурган нерселер да көп болду. Негизи, ар бир иштин майын чыгара аткарганды жакшы көрөм. Өзүмдүн аз да болсо тажрыйбама, кеп-кеңешиме муктаж болгон жаш алып баруучуларга атайын мектеп ачкам. Мен окутпайм, аларды окутчу мугалимдерим бар. Билесиңби, 1 жылда эле бул эмгегим жемишин бере баштады. Окуучуларымдын алды телеканалдарда иштеп, мени конокко чакыра башташты. Аларды бактылуу кылуу менен мен өз бактымды таап жатам. Мага «сен бизге атаандаштарды чыгарып жатасың» деп айтышты. Жок, эгер окуучуларым менден ашса, тескерисинче, сыймыктанам. Улуу эле бир адам «Нурзат, сен биринчи өзүң үйрөнүп алчы, анан башкаларга үйрөтөсүң» деп айткан эле. Ооба, мен акыркы демим чыкканча окуп өтөм, адам эч качан үйрөнгөндөн тажабаш керек.

 

15440568_1016286768499022_3095146800876702692_o

 

Кино жаатына аралашканым да кокусунан болду. Режиссёр ишеним артып чакырып жатса барбай коюу мүмкүн эмес эле. Ошентсе да «ар жумушту сапаттуу жаса» деген девизим болгондуктан атайын актёрдук чеберчилик курстарына сөзсүз барышым керек. Буга чейин убактым тар болду. Ушул жылдан баштап өзүмдү өнүктүрүүгө көп убакыт бөлүүдөмүн. Кино дагы башка бир ажайып чоң дүйнө. Ал дүйнөгө өтө терең кирүүдөн айбыгып турам. Ал жүктү аркалай турган болсом көрүүчүлөргө болгон чоң сыйым болгон милдетти эң жакшы аткарууга аракет кылам.

 

1021329229

сүрөт: sputnik.kg

 

Сын тууралуу курс бүткөндө ар дайым окуучулардан аноним кат жаздырып алам. Анткени, ошол кат аркылуу ойлорду, сындарды жакшы жактан кабыл алып, дегеле аны жакшы жакка өнүктүрсө болот. Кемчиликтер билинет. Сынды кабыл ала билүү бул — эрдик. Сынсыз өсүү болбойт. Менин дарегиме жеке айтылган сын болсо сүйүнүп кабыл алам. Жакшы сөз канат берсе, сын-пикир — камчы. «Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет» болуп, чектен чыккан же акыйкатсыз сын болсо жылмаям, себеби анын чын эмес экенин өз учурунда убакыт тастыктап берет.

 

maxresdefault

 

02

 

07a21983d60bdf528c1f41182282f69c

 

1463653189_fh

 

dsc_2374

 

Сүйүктүүм ар бир айдын 16сы салттуу түрдө мага гүл тартуулайт.

 

Фото Safiya Isakunova.

 

Кээде жолдошумдун үйдө жата бергени жакпайт (кулуп) мен болсо  бир орунда отура албайм, ар дайым кыймылдамын . Ал эми жолдошум суткалап деле сыналгы көрүп жаткандан ырахат алат.

 

14064288_1774946126116045_2978641077038844479_n

 

Тиги дүйнөнүн бар экенине ишенем! Бул жарыктыкта кылган баардык күнөөлөр үчүн жооп беруучу мезгил тиги дүйнөдө келет. Мисалы көрдү дагы бекеринен 2 метр  казышпаса керек,  бул тиги дүйнөнүн бар экендигин далилдеп турат. 

 

1024641073

сүрөт: sputnik.kg