Жокчулукка жетелеген 7 адат

 

 

Өзүңүздү аяганды токтотуңуз

 

копейки-в-руке

 

Кедейчиликке жетелеген адаттардын бири- бул өзүңүзгө өзүңүз бооруңуз ооруп, турмуштагы айрым ийгиликсиз нерселер үчүн жан кейитесиз. Маселен, сиз каалагандай кирешенин жоктугу, туура эмес адистикти тандап алуу, жашаган батириңиз жакпайт, аба- ырайы сиз каалагандай эмес, дүкөнчү сизге жакшы мамиле жасаган жок. Ушул сыяктуу майда- барат жагдайлардын бардыгына ашкере көңүл буруп, ага кейип, өзүңүздү ийгилик жарата албаган адам деп эсептей баштайсыз. Андыктан бул сапаттан эртерээк арылууга бел байлаңыз.

 

 

Ашкере үнөмчүлдүк чыгашага алып келет

 

altersarmut

 

 

Эгер дүкөнгө кирээр замат кандайдыр бир акция өткөрүлүп арзандатуу болуп жатабы деп ойлоп, аны издей баштасаңыз, чогуу иштегендер сизден аз иштеп көп айлык алат деп ойлоп жана аларга карызга акча берүүгө болбойт десеңиз, официанттарга чай пул таштабасаңыз, демек, сиздин бүткүл акыл- эсиңизди кедейчиликке калыптанып калган деп эсептей берсе болот. Адистердин айтымдарында, ашкере, сараңдык менен сарамжалдуу болуу сизди бат эле байыта койбойт. Сиздин мындай абал киреше менен чыгымыңызды башкара албагандыкка жатат.

 

 

Баардык нерсе акча менен бааланбайт

 

1790424880645f34e42f1869dadd1104e2967213f70_b

 

Бир гана кедейчиликке калыптанып калган адам гана бакыттын баары акчада деп ойлойт. Буга далил, социолог адистерининин сурамжылоосуна ылайык, кедейчиликке калыптанып калган адамга бакытты байлыкка салыштырат.

 

Акчага ашкере тынчсыздануу

krizis

 

 

Өзүңуздүн кокусунан жумушсуз калаарыңызды ойлой калып, кан басымыңыз көтөрүлүп кетсе, демек сизде кедейчиликке калыптанып калган адат бар. Мындай учурда түгөнүп бара жаткан айлыгыңызды ойлоп катуу тынчсызданасыз.

 

Ашкере коромжулук

 

1-безумные-растраты-женщины

 

Бир нече жумушка иштесеңиз деле аз киреше таап, бирок, күнүмдүк жашоо- тиричилик муктаждыктарына көп акча коротсоңуз, анда сизди кедейчилик калыптандырып койгон. Андыктан жакшы маяналуу бир эле жумуш табууга аракет жасаңыз.

 

Жакпаган жумуш менен алектенүү

 

owidtoy9Uf4DHSJGoXSIPQVY

 

Психолог адистеринин айтымдарында, өзүнө жакпаган жумуш менен алектенгендер ийгиликсиздикке жана кедейчиликке калыптанып калган. Өзүңүзгө жакпаган иш болсо мойнунан байлаган иттей болуп, бардык нерсени көңүлсүз жасайсыз, натыйжада ийгиликке жетишпейсиз жана кедейчиликтен арыла албайсыз. Ошондуктан озүңүзгө жаккан иш менен алектенип, жигердүү иштеп, жетишээрлик маяна алып, кедейчиликти алыс кууп жибериңиз.

 

 

Жакындардан алыстоо

 

tymoshenko-yulia

 

Ийгилик жарата албаган, чөнтөгү жука адамдар тууган- туушкандарынан алыс болгондор. Маселен, аларга сиз биринчи телефон чалып ал- акыбалдарын сурабайсыз, анткени сизде эмне үчүн мага алар чалышпайт деген сокур түшүнүк бар. Туугандар менен бирдиктүү болуу бул эң жакшы сапат. Сиздин башыңызга кыйынчылык түшкөндө алар сөзсүз жардамга келишет.