Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: “Саясат менен колбасанын эмнеден жасалаарын билгенде эч ким жолобойт эле…”

j_jumakadyr

 

– Акын болуш абдан татаал, анткени, ааламдын сырын билген башкача адамдар болушат. Ар бир кылымда ошол замандын ырын ырдаган акыны болот. Мелис Эшимканов Улуттук телеканалда жетекчи кезинде концерт берип «Токтогулдан суу жоголду, ким көрдү?» деп ырдагам. Ал концертти Сагын Ниязалиева деген эже тартты эле. Кийин эфирден кеткенден кийин Сагын эже ыйлап телефон чалып: «Ушинтип ырдабай эле койсоң болмок, КТР ызы-чуу болуп атат», — деди. Мага да жашыруун номер менен телефон чалышып:«Токтогулдун суусун сен текшерип калдың беле?» — деген коркутуулар болгон. Мени ушинтип атат, эмне кылам деп Орозбек Молдалиев агага кайрылсам: “Эч нерсе кылбайт, коркутуп коюшат, акырындык менен өтүп кетет”, — деди. Тамара Жаманбаева эже эфирди көрүптүр, саясатты ырдабай эле койсоң болмок экен деди. Мен болсо ырдагым келгенинен ырдадым дегем. Азыр деле кайсы бийлик болбосун айтыштарда жана менин компакт дисктериме сын көп айтылат.

 

1026154673

 

– Акындык менен көп нерсени тааныдым. Элдин алкышына ээ болдум, эч кандай кедергиси тийген жок. Кезинде сатира жаатына да абдан жакын элем. Көргөн, билгендер сатира жаатың калып бара жатат, ошол жагын алып чыкпайсыңбы, эл акын катары эле билип калды деп айтып калышат. Өзүм Москвадагы актерлуктун окуусун аяктагам. Убагы келгенде ал өнөрүмдү да тартуулап элдин сынына коём деген оюм бар. Андыктан ал күндөрдү да илгери үмүт менен күтө турсак болот.

 

Женишбек

 

– “Саясат менен колбасанын эмнеден жасалаарын билгенде эч ким жолобойт эле” деген кеп бар. Саясатчы болобу, саясатчы болбойбу, далили, негизи жок адамдын артынан сүйлөгөн бул ошол адамдын даражасынын төмөндүгүнөн кабар берет. Ал эми саясатка барамбы — барбаймбы, айталбайм. Эртеңки күнүм не болоорун да билбейм, баарын бир гана Кудай билет!

Булак: Кыргыз маданияты борбору