Жашы 40тан өтсө да жапжаш көрүнгөн аялдар

Ар бир аял түбөлүктүү жаш анан сулуу калгысы келет эмеспи. 20 жашыңда элди суктантсаң да, жаш өтүп адам каарыйт баштайт. Бирок бул айымдар убакытты токтотуп койгондой…

Кантип?

Дженнифер Энистон (47 жашта)

и1

Актриса туура тамактанып, йога менен машыгат, бирок иньекцияларды колдонуудан баш тартат.

Анастасия Заворотнюк ( 45 жашта)

и2

Бул актриса мончого барып, бууга отурууну жакшы көрөт, айрыкча түрк мончосун, ошондой эле  спа-процедураларына да бат-баттан барып турат.

Дениз Ричардс (45 жашта)

и3

Бул кыз 45 жашта экендигине ишенүүгө мүмкүн эмес. Мындай форманы кармоо үчүн модель күнүгө чуркап, 8 саат уктоо жетиштүү дейт.

Лера Кудрявцева (45 жашта)

и4

Лера  витаминдерди ичип, туура тамактанат, ошондой эле эс алуу үчүн массажга барууну жактырат

Дженнифер Лопес (47 жашта)

и5

Лопес жаратылышынан бат толот. Ошондуктан ал атайын өзүнө фитнес программа иштеп чыгып, ал боюнча машыгат.

Хэлли Берри (50 жаш)

и6

Хэллинин башкы сыры- 8 сааттык уйку. Ал эми териси жылмакай болушу үчүн бет майларды колдонот.

Синди Кроуфорд ( 50 жаш)

и7

Модель жаштыктын башкы душманы күн нурлары деп айтат. Ошондуктан ал күндөн коргоочу бет майларын колдонуу керек дейт.  Ошондой эле жумасына 3 жолу сүт менен жуунуну жактырат.

Кайли Миноуг (48 жашта)

и8

Кайли диета жана атайын бет майларды гана колдонот. Хирургиялык жол менен жашарууну каалабайт.

Ясмина Росси (60 жаш)

Ясминва Росси

40 жашында моделдик карьерасын баштаган  айым эң башкысы жүрөгүң каалаган нерсени гана жасаш керек деп айтат.

Эль Макферсон (52 жашта)

и10

Эль фитнестин күйөрманы. Спорт ага өзүн жакшы формада алып жүрүүгө жардам берет