Жашоодогу кара сызыктан өтүүнүн 12 жолу

Эгер сиз азыр жабыр тартып, кыйналып турсаңыз, анда төмөнкү эрежелердин бирөөсүн жасап, өзүңүзгө жардам бериңиз.

5-95

 

Ар бир кишинин  башынан  кыйынчылык өтпөй койбойт. Бул учур, күндөн жумага айланып, жумадан айга, айдан жылга созулуп кетет. Себеби ар кандай болушу мүмкүн: физикалык жактан кыйналуу, жан дүйнөнүн кыйналуусу, депрессия, сүйүүңө жетпей калуу, кээде эч кандай логикалык негиз жок деле кыйнала бересиң. Бул учурда кадимкидей эртең менен, уйкудан ойгонуп төшөктөн туруу да оор. Чынында эле оор.

 

Chelovek-v-depressii1

 

  1. Өзүңүзгө келүүгө убакыт бериңиз. Ыйлагыңыз келсе, ыйлап ичтеги букту чыгарып алыңыз.
  2. Бул учурда өзүңүзгө кошумча эч кандай жүк, жумуш албаңыз. Өзүңүзгө көбүрөөк убакыт бөлүп, эгер мүмкүнчүлүк болсо үйдөн иштеңиз.
  3. Өзүңүзгө ашыкча талап койгондон алыс болуп, аз да болсо мээнин эс алышына мүмкүндүк бериңиз.
  4. Апаңыздын, досуңуздун же психологдун кеңешин, жардамын алыңыз. Эч кимге айтпай ичтен кыйналгандын кереги жок, ал ашыкча нерв ооруларына алып келет.
  5. Таза абада сейилдөө да абдан жакшы жардамын берет. Күнүнө 7 сааттан кем эмес уктаңыз. Спорт менен машыгып, мисалы сууда сүзүү, туура тамактанып анан суудан көбүрөөк ичүү керек.
  6. Сиздикине окшогон кыйынчылыктар менен күрөшкөн адамдардын окуясын көбүрөөк окуңуз. Алар бул учурдан кантип чыкты болду экен?
  7. Дайыма бир нерсе менен алек болуу керек. Түймө түйүп, түрдүү тамактарды, таттууларды жасап же болбосо сүрөт тартыңыз. Мунун баары стресске каршы күч — аракет болот.
  8. Физикалык жактан энергия топтоп спорт, йога менен машыгуу керек. Бул убактыңыздын бош өтүшүнө жол бербей, сизди ашыкча санаа — ойлордон алыс кылат.
  9. ичтеги болгон ойлорду кагазга жазыңыз. Күндөлүк ачып, же болбосо актай кагазга тилектериңизди, ойлоруңузду жазыңыз.
  10. Эмне үчүн сиздин жашооңуз керемет экенин 20 себебин жазыңыз.
  11. Сиз бактылулукка татыктуумун дегендин 20 себебин жазыңыз.
  12. Жаратылышта эс алууну унутпаңыз, тоого чыгып, суунун шар аккан үнүн угуп, жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулаңыз.

 

697879-1600x900