Жакын арада турмушка чыгып, эне болчу белгилүү айымдар

Кыздын бараар жери күйөө дегендей, кыздын жаш курагы келип калганда , той берип, турмушка узатып, жакшылыктын жарчысы болгонго не жетсин? Ал эми эне болгон өзүнчө бир керемет! Сөз менен айтып жеткизе албайсың.

Бүгүн биз жакынарада  бактылуу эне, сүйүктүү жар боло турган, бактылуу  айымдарды жазып өтмөкчүбүз.

Кундуз Канатбек кызы, жакын арада турмушка чыгам деп даярданып жүргөн чагы. Сулуу, назик ырчы Кара – Балтанын келини болоору маалым. Бирок болочок жодошу тууралуу кийинчерээк кенен маалымат алат окшойбуз.

 

2013-12-23_15-56-39_161686

 

Ал эми бир кездерде «Ало, ало, жаш жигит» деп селкинчек тээп ырдаган Бегимай Бекбоева да учурда турмушка чыгуунун камылгасын көрүүдө. Жигити туугандары менен келип, кыргыздын салты менен сөйкө-шакегин салып кетти.

 

 

Эки биздин жаш ырчыларыбызга бакыт гана кааламакчыбыз.

Ал эми Евразия сынагынын жеңүүчүсү, дайыма позитивдик маанайда жүргөн Жийдеш Идирисова жакында эне болуу бактысында турат.

 

Жийдеш2

 

Жийдеш-686x1024

 

Өлкө башчынын кызы, сүрөтчү Алия Шагиеванын орус улутундагы балага турмушка чыкканын билебиз.  Учурда Алия да эне болуу бактысында турат. Бакытка балкыган Алия сүрөттөрүн тынбай интернетке жүктөп, бактысын элдер менен тең бөлүшүп жаткан чагы.

 

Алия-шагиева1

 

17022186_1878891992396443_1719444104917518689_n