Жаңы эт менен эски эттин айырмасын билүү

                  ЖАҢЫ ЭТ МЕНЕН ЭСКИ ЭТТИН АЙЫРМАСЫН БИЛҮҮ

 
Image result

Жаңы эт алам десеңиз, базарга барыңыз. Ал эми дүкөндөрдөгү эттер таңгакталгандыктан, алардын көпкө сакталуусу үчүн химиялык заттар да кошулат.

Таза, жаңы союлган малдын этинен кызыл түстөгү маңыз чыгып турат.

Жаңы этти манжа менен басып көргөндө пайда болгон чуңкурча бат түзөлөт.

Эгер тоңдурулган эт болсо, манжа тийген жерине кызыл так түшүп калат. Ал эми кайра-кайра тоңдурулган этте кызыл так пайда болбойт жана майы ачык кызыл тартып калат.

Бузулуп кеткен эт, баарыбыз билгендей, жыты өтө жагымсыз жана өңү абдан кочкул кызыл болот.


                          ЭТТИН ТҮСҮНӨН МАЛДЫН ЖАШЫН БИЛИҢИЗ

Жаш малдын эти ачык кызыл түстө жана майы агыш болот.

Чоң малдын эти кызыл түстө болот.

Карыган малдын эти кочкул кызыл түстө болуп, майы саргыч тартып калат. Мындай малдын эти катуу келип, кеч бышат.

                           УЙ ЭТИНИН КАЙСЫ БӨЛҮГҮ СУУГА БЫШЫРУУГА                                                 ЖАНА КУУРУГАНГА ЫЛАЙЫКТУУ?

ui_eti1 (2)

 

 

                                         АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

Шорпо тунук жана даамдуу болсун десеңиз, анда этти муздак сууга салып бышырыңыз.

Эт асканда анын үстүн толук көмгүдөй кылып суу куюңуз. Кайнаганда бууланып отуруп, эт бышкыча шорпосу аз болуп калат.

Этти бышырууда башында катуу бир кайнатып алуу керек. Андан кийин жай отто бышырсаңыз, эт ширелүү жана жумшак болуп бышат. Күчтүү отто кайнатылган эт катуу болуп калат.

Шорпого калкып чыккан чий көбүктү эт катуу кайнай электе алып салыңыз. Эгер шорпо катуу кайнап кетсе, чий көбүгү этке аралашып, эт таза болбой калат.

Шорпо тунук болсун үчүн бир тоголок пиязды аарчып бүтүн боюнча салып жиберсеңиз да болот.

Эт канчалык майлуу болсо, ошончолук тез куурулат.

Этти муздаткычта +5° температурада тоңдуруу туура.

Тоңдурулган этти эритүүдө аны ысык сууга салууга болбойт. Аны бөлмө температурасында (18-20 °С) эритүү керек.

Алгач кагазга, андан соң туздуу суу менен нымдалган чүпүрөккө оролгон эт көпкө сакталат.

Этти ачык жерде сактаганда ага лимондун ширесинен сүйкөп койсоңуз, чымындар жолобойт.

 

 

                                 ЭТТИ ТЕЗ КУУРУУНУН ЖОЛДОРУ

Image result for мясо жарят

Кууруй турган этти 1 саат мурда горчица менен сүртүп коюу керек.

Эттин ар кайсы жерин тешип сарымсак тыгып койсо да болот.

1,5-2 саат маринадда кармоо керек (сууга уксус аралаштырып).

Сүткө 4-5 саат салып коюу керек.

Бул көрсөтмөлөрдүн бирин тандап алыңыз. Алдын ала мындай даярдыктан өткөн эт 10-15 мүнөттө бышат.