Бал шириндер Урмат менен Нелядан ынтымактуу жашоонун сырлары

13423744_534391570095960_5038853902091313981_n

 

Алгач КТРдин алдында жолугуп, таанышканбыз. Андан кийин чыгармачылыкта тыгыз байланышта болуп жүрдүк. Себиби Урмат менин көптөгөн ырларымдын автору, обонун чыгарган. Ошентип чыгармачылыкка байланыштуу көбүрөөк иштешип калдык. Жакшы мамиледен достукка, андан кийин сүйүүгө, анан үй-бүлөгө айланды. 
image (12)

 

image (6)

 

Чыгармачылык бизге эргүү, ырахат, күч, дем-кубат берет. Сахнада ырдап чыккандан кийин элден позитивдүү энергия аласың. Өзүңдөгү позитивдүү маанайды эл менен бөлүшкүң келет.
maxresdefault

 

Урмат: Негизи биз чыгармачылыкта лидерликке же алдыга талпынууга принципиалдуу максат койгон эмеспиз. Бизге ушундай бир калыптагы бир кылка, жай ыргак жагат. Күйөрмандарыбыз менен такай байланыштабыз, аудиториябызды билебиз, ошолорго ылайыктап ыр тандап, кези келсе ыр сунганга аракет кылабыз. Чыгармачылыктан оолактайлы деген оюбуз жок. 

Биздин чыгармачылыкта лидерликке умтулуубуздун жоктугу, ортобуздагы мамилени, үй-бүлөнү тең салмакта кармоого мүмкүнчүлүк берет. Ашыкча сүйүү бул адашууга алып барат. Эгер биз болгон энергиябызды, аракетибизди чыгармачылыкка жумшасак, балким, үй-бүлөдөгү кээ бир мүчүлүштүктөр көз жаздымда калып, көңүл бура албай калмакпыз. Мен ушул нерседен корком, ошондуктан биз үчүн чыгармачылык дайыма экинчи орунда. 

 

image (14)

 

Урмат:Мага жаккан нерсе Неляга да жагат. 
b7eb7e543dbe22addb2257140061192e_mid_r

 

image (8)

 

image (5)

 

Уулубуз Нурел мектепке барат. Атасына окшоп сүрөткө жакын, боёк менен сүрөт тартып, мугалимдеринен мактоо сөздөрүн угуп жатат. Ал эми кызыбыз Жазел бийге шыктуу, ошол өнөрүн байкап атайын «Жаш кыял» бий ансамблине бердик.

 

image (7)

 

image (10)

 

Азыр экөөбүз бир бүтүн кишибиз. Ошондуктан бул билген нерсени мен билгенге, ал билгенди мен билгенге аракет жасайбыз. 
image (11)

 

Жыл өткөн сайын аял-күйөөсү эмес, бир туугандай болуп баратабыз. Мындайча айтканда ортодо жашыра турчу деле эч нерсе болбой калат экен.

 

13244737_1723696594546195_448194341693961584_n