Ырчы Бактыгүл Бадыеванын басып өткөн жолу…

 

Бактыгүл 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, Токмокто өскөн. 

1e634ccc41e3553de756db7f98431b56

Кичинекей кезден тартып эле эмгектенип жүргөм. Таңкы саат 4тө Бишкекке келип жемиштерди жүктөп, 8ге чейин Токмоктун базарына өткөрүп, 8де сабакка барчумун. Сабактан келип тамак жасап, апамды тосуп алчумун. 4-класста тамак жасап, 13 жашта лагман чоюп, манты түйүп калгам. Биз төрт бир тууганбыз, апам төртөөбүздү тең жалгыз бакты. Улуу эжелерим окууга тапшырып, апама жалгыз кыйын болгон. Ошондуктан мен каралашчумун. Башымдан ошондой нерселерди өткөрбөсөм, азыркы деңгээлге жетет белем?

 

16299894ab04d00bb15c6a590c81726e

 

Музыкага бала кезимден эле кызыкчумун. Күзгүнүн астында ар нерседен микрофон жасап алып, ырдап кыялдангандарым эсимде.

 

1411115057_2780

 

08af4623b544e913a5db69a56b60d83a (1)

 

Чоң ыйык сахнага он сегиз жашымда чыккам. Он сегиз жашка толуп турганымда «Кайдасың» аттуу ырды жазып, ошол ырды ырдагам. Бул ырдын сөзү, обону өзүмө таандык. Үйдө жалгыз олтурганымда сөзү менен обону кошо келип жараткан чыгармам.

 

image (59)

 

Мага жол көрсөтүп, чыгармачылык жактан өсүп өнүгүүмө салым кошкон инсандар көп. Гүлзат Байзакова, Сыймык Бейшекеев, Алтынбек Алымов аттуу улуу инсандарга абдан ыраазымын. Бул инсандар болбосо менин талантым катылып эле калмак болушу керек.

 

image (56)

 

Мен өзүмдү жаман адаммын деп айтуудан алысмын.

image (60)

 

Ар бир сахнага чыкканым мен үчүн чоң бакыт. Ошондон улам гастролго чыкканды да жакшы көрөм. Себеби, күнүгө сахна, сени караган, суктанган көздөр, күйөрмандарыңдын колдоосу. Анан дагы сахнада мен өзүмдү эң сулуу жана бактылуу сезем.

 

бадыева

 

Жолдошум экөөбүз көп балалуу болгубуз келет. 

 

image (62)

 

a5e1e359d7a422b00cb02c9b6deaab7e