Улгайган ата — эне менен сүйлөшүүнүн 10 эрежеси

                preview-20871315-650x341-98-1484143760

Саша Галицкий — сүрөтчү жана арт-терапевт, Израилдин жашоочусу. Ал өзү жөнүндө мындай деп жазат: «Мен кары адамдарды, байыркы скульптурага үйрөтөм жана өзүм сүрөт тартам». Ал мындан тышкары, мастер-класс өткөзөт. Алардын бирөөсү Елена Долженко Афиша Daily үчүн кары ата-энелер менен кантип сүйлөшүүнүн 10 эрежесин жазган.

 Kurut.kg бул нерсени сиздер менен тең бөлүшмөкчү, урматтуу окурмандар.

  • Биз аларды кандай болсо ошондой кабыл алышыбыз керек.

Эгер адам  80 жашка чейин чылым чексе, демек ал бул адатын мындан ары таштай албайт. Камкордукка  алынган бир адам тамашалагандай: «Мен чылым түгөнгүчө, дем алуучу көнүгүүлөрдү жасайм».

  • Өзүңдү күнөөлөбөш керек

Күнөө сезими баардыгыбызда бар. Кандай гана болбосун, ата-энебизге бир нерсени чала жасап бергенибизди, сураган нерсесин толук бербегенибизди, начар мамиле жасаганыбызды сезип, өзүбүздү күнөөлүү сезип калабыз. Бул убакта өзүбүздү күнөөлөгөндөн алыс бололу.

Буга убакыт күнөөлүү.

Өзүбүздү карап, эс алганга үйрөнөбүз. Эгерде улгайган адамдын жашоосу менен жашап көрсөк, жыйынтыгында өзүңдү көп жерден күнөөлөйсүң. Эмне үчүн үйлөнгөн жокмун?, эмнеге бала төрөгөн жокмун? ж.б.у.с.

  • Чыр чатактан алыс болуу.

20872065-14525095_10206090574337029_187149261897003742_o-1484136267-650-6042e80524-1484143760

Кары адамдын ачуусу, өзүнө канааттанбагандан келип чыгат. Сен качан ачуулуктун себебин түшүнсөң, жылмайсаң, жооп кайтарбасаң , акырындап ачуусу тарай баштайт. Эгер –  жооп берсең, анда иштин бүткөнү дей бер.

Сүйлөшүп жаткан теманы өзгөртүш керек.

  • Баарлашуудан ырахат күтпөө.

Мен улгайган адамдар менен 15 жылдан бери иштешем. Алар мени жей баштаганда,  мен өзүмдү кармаганга аракет кылам, анан түшүнөм, эч кимге таарынуунун кажети жок: бул жөн гана биздин ата – энебиз эмес, бул 20, 30, 40 жылдан кийинки өзүбүз экенин.

  • Талашпоо

Жооп айткың келген, көп учурлар болот. Менин бир окуучум, оор тактай сатып алдырткан, биз аны 2 жыл скульптурага жаратканбыз. Ал кийин кайра мага даттанып жүрдү:  «Карасаң кандай оор жумушту мага берген». Мен мунун баарын угуп, жооп берген жокмун. Мен ага эстете албайм:, «Сен менден ушуну сурангансың», — бул сөздү ал эстей албайт. Сен өзүңдү ким менен иштешип жатканыңды билсең, баардык нерсе жайында болот.

  • Эмне кылуу керек:

Кошо санаа чегип, бирок аябоо керек. Санаркоо- эң маанилүү нерсе. Санаркоо менен аенун айырмасы – асман менен жердей. Аео жолу менен биз адамга эч кандай жардам бере албайбыз. А санаркоо ар кандай болушу мүмкүн, уятсыздык же болбосо ишмердүүлүк.

  • Биздин колдо

Алар биздин ийгиликтүү болушубузду каалашат. Эгер мен ата –энеме келип, даттана баштасам, алар эч нерсе жардам бере алышпайт. Ошон үчүн мен эки чындыкты билдим: бир чындык бар, ал жакшы, экинчи чындыкты алардын билбей эле койгону жакшы.

Биздин бейпил жашообуз-алардын ийгилиги, бул жөнүндө дайыма эстеп жүрүшүбүз керек.

  • Кыймыл — аракеттеринен мүнөздөрүн билүү

20872115-14567586_10206090569016896_4991946460537407633_o-1-1484137360-650-06b10e5303-1484143760

Бул убакта биз ким менен иш алып барып жатканыбызды толук билишибиз керек. Укпаган, көрбөгөн, ордунан тура албаган адамды түшүнүш керек. Сокур адамды түшүнүү үчүн, анын ордуна окуп көрүү керек, жок дебесе караңгы жерден сүрөт тартып көрүү.

  • Көңүлгө из калтыруу

Биз кары адамдарга камкордук жасап, алдамчылардан сак болуусун көп айтабыз. Мисалы: темир эшик орнотуп ал, камера кой, эшикке жакын жолобо деп. Эң жөнөкөй жолу – аларды жакшылап жайландыруу.

Эң башкысы – небере менен тил табышуу.

  • Кечиримдүү болуу

20872165-14633148_10206090556456582_4383367435240624788_o-1484136524-650-3339c0893f-1484143760

Таарынычты кечээки кун менен унутуу – эң башкы нерсе. Бул компьютер сыяктуу – сен аны көчүрдүң, эми анын үстүндө иштешиң керек. Эгер сен бүгүн чоң атаны кечирбесең, эртең ал өтүп кетиши мүмкүн.

Кечиримдүү болуш үчүн күч керек. Мен өзүмө «5 мүнөттүк»  техниканы ойлоп таптым: мекемеден чыгам, 5 мүнөт эч нерсе ойлонбой отурам. Кайра жаңы күч менен кирем.