Топ — 7: Убактысы тар адамдарга ылайыктуу китептер

Мария Парр 

«Токочтой жүрөк»  (Вафельное сердце)

vafelnoe-serdtse
Щепки-Матильд булуңунда жашаган кичинекей 9 жаштагы Трилланын жана анын кошунасы, классташы  Лена экөөнүн баштарынан өткөн окуялары жөнүндө жазылган. Китепте окуяны Трилла өзү баяндайт. Көлөмү: 208 бет

 

Стивен Кинг

«Рита Хейуорт же болбосо Шоушенкадан качуу «

maxresdefault (64)

Шоушенка – бул бир гана капас эмес, эптеп жан сактоочу жер. Башкы каарманды, аялын жана анын ойношун өлтүрдү деген жалган жалаа  менен өмүр бою капаста камалуу чечими чыгат. Ал бул жерде өзүнүн жакшы жагын көрсөтүп, жетекчиге жагат. Бирок бул тозоктон  20 жылдан кийин качып кетет.

Көлөмү: 192 бет

 

Алессандро Барикко

«1900. Пионист жөнүндө уламыш»

 

1013229334
1900 – бул бир гана жылдын саны экенин тастыктабастан, башкы каармандын аты да ушундай. Башкы каарман өз алдынча пионино үйрөнүүчү, кораблда төрөлгөн. Анын бир дагы документи жок, туугандары да жок бир гана ысымы бар. 1900 – чу кандай болгон кырдаалда да, эч качан кемени таштаган эмес.

Көлөмү: 128 бет

 

 

Александр Пушкин

«Чокудагы айым» (Пиковая дама)

cover1
Бул чыгарманын жазылганына 200 жыл болсо дагы, өзүнүн окурмандарын жоготпой келет. Күтүүсүз тагдыр жөнүндө жазылган сырдуу баян. Автор белгилүү Сен – Жермен жөнүндө уламышты айткан. Оюн картадагы  «Үч, жети, туздун »  сырын ачат. Ким мунун сырын билсе, дайыма жеңиште болот.

Көлөмү:  187 бет

 

Жон Стейнбек

«Чычкандар жана адамдар жөнүндө»

1014472140

Жорж жана Ленни ферма ачууну максат кылышат. Бул максаты үчүн алар жарым Американы басып чыгып, ферманы табышат. Бирок, ошондон кийин чоң кылмыштар боло баштайт.

Көлөмү:   256 бет

 

 

Владимир Набоков

«Маша»

nabokov-mashenka_6

Бул чыгармада башкы каарман Маша – кимдир бирөөлөрдүн эскерүүсүндө гана болот. Эки эмигрант орустар жашаган берлин пансионунда жашашат. Бирөөсүнүн  Россиядан аялы келиш керек эле. Экинчиси, анын аялынын  сүрөтүн көрүп- Машаны  өмүр бою сүйгөнүн тааныйт. Ал адамгерчиликтен кетип, өзүнүн өткөн жашоосун кайрып алууну чечет. Буга мүмкүнбү?

Көлөмү:   192 бет

 

 

Юстейн Гордер

«Апельсин өңдүү  кыз»

Yustejn_Gorder__Apelsinovaya_Devushka_audiokniga

 

Апельсин өңдүү кыз- бул өзүнчө бир, китептин ичиндеги китеп. Эки адамдын сүйлөшүүсү камтылган. Георг аттуу бала өзүнүн атасынын үнүн, атасы өлгөндөн кийин 11 жылдан кийин угат.

Көлөмү: 297   бет