Топ 5: Америкадагы кыргыздардын ийгилиги

 

 

Жердештерибиз дүйнөдө жакшы ийгиликтерди көрсөтүп жатканын көрүп, кантип сыймыктанбай коё албайсың! Бүгүнкү видеодо Америкадагы жердештерибиздин жараткан ийгиликтерин көрөбүз.

Бул видеодо кыргызымдын кымча бел кыздары, Нью-Йорктун борборунда, улуттук бийибизди бийлеп, америкалыктардын бир топ арзуусуна татышат. Бий абдан сонун болгон.

 

Бул видеодо, Жан Воинов кичинекей кезинде эле өзүнүн талантын Американын чоң баскетбол оюн талаасында көрсөтүп жатканы.

 

 

Биздин кичинекей, таланттуу ырчы кызыбыз Айыма Айылчиева Америкада биздин Гимнди ырдап берет. Англис тилин билген Айыма, англисче ыр ырдап өзүнүн билимдүүлүгүн да көрсөтөт.

 

 

 

Такси айдоочулук — бир гана мырзалардын жумушу эмес. Муну тастыктаган Аида Садыкова. Аида Американын Чикаго шаарында такси айдоочу болуп эмгектенет. Америкада такси айдоочу болгон оңой эмес экенин тастыктап кетсек.

 

 

 

 

Ассоль Молдокматова -көп кырдуу таланттуу айым. Ассоль айым өзүнүн  автордук кечесин Америкада жүргөн кезинде өткөргөн. Кечеде кыргыздын сулуу кыздары, Элина Абай кызы, Юля Руцкая Ассоль айымдын автордук көйнөктөрүн кийип көрсөтүшкөн.

 

Бул бир гана Америкада биздин жердештерибиз жараткан ийгиликтердин 5 кана видеосу болду. Мындан сырткары, Нью-Йоркто Нооруз майрамында жыл сайын биздин жердештер парад уюштурушат. Биздин студенттер АКШнын ЖОЖдорун жакшы окушат. Кыргыз мушкерлерибиздин, спортсмендерибиздин да жараткан ийгиликтери көп.  Айтор айта берсе көп эле… Бул биздин жаштарыбызга түрткү болсун деген максатта чагылдырып өттүк.