Үкү топу, шөкүлө, элечекти кийүү маданияты жана тарыхый жолу

Ата – бабаларыбыз, апаларыбыз бизге баш кийимдин наркын жоготпой, сактап өткөрүп келишкен. Элечек, үкү топу,шөкүлө бул кыргыз кыздарынын кыргыз экенин айгинелей туруучу баш кийими. Биз дагы муундан-муунга өтүп келе жаткан баш кийимди унутта калтырбай, келечек муунга өткөрүп берели. Бүгүн биз сиздерге, үкү топу, шөкүлө, элечектин тарыхый жолун жазып өттүк.

 

Кыздын даярдыгы толук бүткөнгө чейин, эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн жүнү сайылган топу кийгизишкен. Топудагы үкүнүн тарамдалышына карата анын үй-бүлөдө канчанчы кыз экендигин да түшүндүрүп бере алышкан. Ал эми топуга чөгөрүлүп сайылган таштар анын атасы канчалык оокаттуу экендигин көрсөтсө, топунун бийиктиги атасынын, даражасын айкындап турган. Бардык касиеттин сырткы кийимде чагылып турушу кыргыздарды ашыкча мактануудан алыс, тескерисинче, болушунча жөнөкөй болууга аргасыз кылган.

 

10850219_384753281700214_340001318274683267_n

 

 

Шөкүлө: Эгер кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип, шөкүлө кийишкен.

f96bdfb7dcb2267a6944d3154b9a6f41

 

Эң кызык жери, шөкүлөдө шолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин элге билдирип турган. Ошондуктан, кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын анда «айтып» калууга аракеттенишкен.

 

30fda6ae771895464d714b15b75a471a

 

13428611_904506986338665_6826632567632770788_n

 

Бул эки айылдын уул-кыздары биригип кыз оюн курганда, кыз менен жигиттин өз ара пикир алышуусуна өтө ыңгайлуу шарт түзүү менен алардын кимисинин башы бош, кимисинин кайындап койгон жери бар экендигин да мынабу баш кийимдер сүйлөп беришкен да, бирин бири тааныбаган эки жаштын өз ара пикир алышуусу үчүн маанилүү роль ойногон.

 

dc061af71b22f2fc210ab31e3d49f0cd

 

 

Илгери келин-кесек, байбичелер башынан элечекти түшүрбөй, элечек аялзатынын барктуу баш кийими болгон.8adf9d06f36b7e3fb0c58970632c4966

 

Бул башка улуттун эмес өзүбүздүн улуттук баш кийимибиз да. Кандай көрктүү, кандай жарашыктуу! Кийин согуш жылдарынан тарта элечек кийүү акырындап калып кетиптир.

 

52dc950b4ea593c48e810f696f40d159

 

Элечек аялзатына эң бир ыңгайлуу экен. Мисалы, кыз бала башына такыя киет. Такыячан десе кызды, элечекчен десе жубанды түшүнөбүз. Элечектин да жаш келинге, орто жаштагы аялга, байбичеге арналып жасалган түрлөрү бар. Алар элечекке сайылган саймалардын өңүнөн, түсүнөн билинет. Элечек кийип жүргөн аялзаты башын өйдө көтөрүп, мойнун койкойтуп жүрөт. Аркар моюн аялдар деп акындар ырдагандай, элечек кийген аялзаты койкойуп бир башкача сулуу көрүнүп калат. Бүкүрөйбөй, башын жерге салбай өйдө көтөрүп, белин түз кармап өзүнчө бир сын күтөт.

 

af2908972ee68336286e2d757cfcd2b2

 

 

14184306_699098730238214_624997233516070814_n

 

 

16832030_795524117262341_9042097852433039400_n (1)