Жер соорусу аталган, Соң-Көлү сонун кыргыздын

…Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап,

Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап,

Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды,

Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.

Берилип, куштар болуп, жедеп сага,

Кээде, шат, кээде мени алат санаа.

Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,

Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…- бул Соң — Көл жөнүндөгү керемет саптар белгилүү драматруг Мидин Алыбаевдин калемине таандык.  Ырдын ар бир сабында, көлдүн сулуулугун, тынчтыгын сүрөттөп, керек болсо ошол көлүңдө учкан каз-өрдөгүң болсом кана деп бекеринен жазбаса керек. Чындап эле Соң-Көлдү көргөн да, көрбөгөн да арманда. Kurut.kg сайты  бүгүн сиздерге Соң-Көл жөнүндө кызыктуу маалыматтарды бөлүшүүнү чечти.

 

 

Биринчи эле Соң — Көл жөнүндө уламыштан баштасак.

 

maxresdefault (72)

 

Илгери Теңир — Тоого бир хан келип отурукташып, жергиликтүү элге оор салык салат. Кыз-келин- дерин күч менен тартып алып ордого кызматка алат. Ошондо баатыр жигиттер чыгып, залим ханга каршы согушуп, жеңе алышпайт. Зулумдукка чыдабаган жергиликтүүлөр арасынан молдо, бакшы жана аярлар чогулуп дуба окуганда, жер өтө катуу титиреп, зулум хан ордосу жана аскерлери менен жер алдына түшүп кетип, ордуна тунук бир көл пайда болот. Ошол күндөн бери Соң-Көл, хандын зулумдугунан жабыр тарткан элдин, кыз-келиндердин көз жашынан пайда болгон көл деп айтылып калат.

 

1413988132_27_1280x720

 

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат.  “Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөнчөдө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан.

 

maxresdefault (73)

 

Соң-Көл — тузсуз көл.

Көл октябрдын ортосунда тоңот, жээктери апрелдин ортосунда же аягында эрий баштайт. Муз майдын аягында, ал эми суук жылдарда июндун ортосунда толук эрип бүтөт.

 

3 Сон-Куль (1)

 

Соң-Көл — Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, республикадагы тоо казы уялаган көлдөрдүн бири.  Соңку 5 жылдын ичинде көлдө тоо казы дээрлик жолукпайт.

 

1036068_original

 

 

 

DSC_0428-e1425447239333

Соң — Көлдө илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. 

3-4 Сон-Куль (3)

sonkul-lake-20

1033688_original

Көлгө төрт жол менен барса болот. Бирөөсү Сары-Булак аркылуу түндүк –чыгышынан өтөт, экинчиси түштүк-чыгышта кыйма-чийме (серпантин) жол, үчүнчүсү түштүк-батышында Ак-Тал аркылуу жана төртүнчүсү түндүк-батышта Кара-Кече көмүр шахталарынын жанына өтөт.

maxresdefault (70)

Соң-Көлдөн алыс эмес жерде, тактап айтканда кыйма-чийме жолунан алыс эмес жерде шаркыратма бар.

1036024_original

Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир кыялдарга туш болосуз.

1251372_original

Манастан калган таш  тулга  жана Манастын аты байланган таш маамык эстеликтер бар.

1343790979_tash-tulga-9

17035605_172576569912656_312860195_n

Бул сүрөттөгү  таш — тулпар таш деп аталат. Таштын үстүндөгү бир аттын таманынын изи калган дешет. Кээ бир эл оозунда айтылып калган маалыматтарда, бул Манастын минген атынын бутунун изи калган дешсе, кээ бир  маалыматтарда бул Манастын өзүнүн  бутунун изи  деп айтылып келет.

17006055_172576583245988_969090826_n

Биздин керемет Соң — Көлүбүзгө саякатчылардын келүүсү жылдан — жылга  арбууда.

1032737_original

1027732759

sonkul-lake-03

1036488_original