Баары болот бизде «ТЕКЕ». Сиз дагы «зыңк», «базар жок» деп сүйлөйсүзбү?

Акыркы убактарда, айрыкча жаштар арасында  «зыңк», «теке», «базар жок», «селфи», «трэнд», «хештег» деген сөздөр байма — бай айтылып келет. Бул сөздөр кайдан чыккан? Макул, кээ бир сөздөр чет  тилинен  келсин. А «зыңк», «теке», «базар жок» деп илгери ата-бабаларыбыз айтчу беле? Бул сөздүн маанилери кандай? Мына ушул суроолорго бүгүн жооп издемекчибиз.

 — Мен жаңы үлгүдөгү телефон алдым. Вауу  зыңк экен.

Зыңк (күнүмдүк жашоодо колдонулуучу сөз)

Мааниси:  сонун, укмуш дегенди билдирет.

Бул сөз жаштар арасында көп колдонулуп келет. Атүгүл, «сенсиз деле жашоом зыңк» деп белгилүү  Добр, Руслан Нарынбаев аттуу ырчылар ырдап да жүрүшөт.

 

 

-Сүрөткө кандай түшүптүрмүн?   -Теке да, теке.

Теке (жаштар арасында колдонулуучу сөз)

Мааниси: тикчийет, койкойуптур дегенди билдирет.

Теке деген сөз негизи үй мал жандыктарына кирет эмеспи. А эмнеге анда жаштарыбыз бул сөздү башкача мааниде колдонушат? деген суроо туулбай койбойт. Жооп катары төмөнкү вариантты издеп көрдүк. Теке — өзү зыңкыйып, башын бийик көтөргөн жандык. Ал эки мүйүзү менен койкойуп турат. Ошол себептен, «теке» деп жаргон катары айтылып жатканынын себеби, текени элестетип, баары ошондой сонун, тикчийет, койкойот деген маанини билдиришет.

Белгилүү рэп ырчылары Баястан жана Бегиш  «теке»  аттуу ыр эмес, клибин кошо чыгарышкан.

 

 

-Бүгүн меникине конокко келип кет. – Базар жок.

Базар жок (күнүмдүк, жаштар арасында колдонулуучу сөз)

Мааниси: макулдукту, ырастоону билдирет. Бул сөз казак элинен келген.

Базар жок

 

 

Се́лфи (англис тилинен  selfie, от «self» —өзүн-өзү дегенди билдирет. Өзүнө өзү фото камерага түшүрүү.  Кээде муну күзгүнүн жардамы менен да кылышат. Бул термин 2000- жылдардын аягы, 2010-жылдын башы катуу колдонула баштаган. Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү телефон, фотоаппарат чыга баштаганда.

maxresdefault (2)selfie_woman

 

 

Тренд (англис тилинен, trend — багыт ) белгилүү бир жакка. Дагы бир мааниси – өнүгүү деген маанини билдирет.

Тренд – бул мода.

trends

 

 

Хештег (Англис тилинен . hash — символ # + tag ) – белги, этикетка.

Мааниси;  Tweet жана башка социалдык тармактарга текст киргизүү ачкычы, сизге тийишттүү линияны  таба алат; сөздүн алдында # менен коштолушу керек.

2013-12-31-1-01

 

file_5227bee