“Сармердендин” эрте кеткен “шайыр жеңеси”

Ырчы, Коомдук телеканалдын “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу Гүлзат Батырканова 41 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан эле.

shot3438

Ал өз үй-бүлөсү менен 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып, жол кырсыгына кабылган.

Гүлзат Батырканова 1990-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга келип кирип, аны 1992-жылы жылы аяктаган. Кийин жогорку билимге ээ болуп, КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн.

1396863129_8627

Анткен менен Гүлзат апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын жолун жолдоп, ырчылык өнөрдү аркалап келди. 20 жылдан ашуун чыгармачылык жолунда улуу муундун да купулуна толгон экен. Кыргыз эл артисти Арзыбек Бедияровдун айтымында, Гүлзат Батырканова учурда өз ордун таап калган мыкты талант, алпейим мүнөз жан эле:

— Жаркылдап сахнага чыкса, кыргыз кызынын жүзүн көрсөткөн мыкты кызыбыз эле. Гүлзат өзүнүн өнөрү менен эле эмес, бийик адамкерчилиги, илбериңки мүнөзү менен да элдин сый-урматына татыган.

Арзыбек Бедияров муну менен кошо Батырканованын «Карай берем», «Өмүр жазым»,«Жүрөлүчү эскерип», «Айта көрбө» деген жана башка бир нече ырлары угармандардын жүрөгүнөн орун тапканын, элге дагы далай чыгармаларын арнай турган куракта көзү өтүп кеткени өкүнүчтүү болгонуна кейиди.

“Балдарды жакшы кара…”

Гүлзат Батырканова кырсыкка учураган унаада ырчынын күйөөсү жана эки баласы болгон.

Алардын унаасы каршы тилкеде жогорку ылдамдык менен келаткан машинеден качып, жолдун четине чыга бергенде дөңгөлөк шагылга тартылып, аласалып кеткен. Кырсыктан Гүлзат Батырканова катуу жабыркап, күйөөсү, Коргоо министрлигинин эс алуудагы полковниги Мурат Бейшеновдун моюн омурткасы кокустап, балдары кудай сактап аман калган. Маркум ырчы Бөкөнбаев айылындагы ооруканага алып келгенден кийин үч сааттан соң үзүлгөн. — Үзүлүп баратып жолдошуна «балдарды жакшы кара» деген сөздү айткан экен…

shot0049_0

Обончу Майрамбек Осмоновдун Гүлзат Батырканова жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтты:  Чыгармачылыгы тууралуу айта турган болсом, өзгөчө акыркы эки жыл аралыгында “Сармерден” аркылуу Гүлзаттын он гүлүнүн бир гүлү ачыла баштаган. Анын мындан башка дагы бир топ таланты, ырлары, сырлары өзү менен кетти.

Майрамбек Осмонов күтүлбөгөн жерден каза болгон маркум ырчыга арнаган ырын да окуп берди.

Бүркөлсө жашын төккөн булуттайбыз,
Бүтүнү талкаланган сыныктайбыз.
Элинен эрте кеткен эрке кызды,
Эч убакта тирүүлүктө унутпайбыз…

Элдик кыз менен коштошуу

Коомдук телеканалдын “Сармерден” шоу-программасынын автору жана режиссеру Сагын Ниязалиеванын айтымында, Гүлзат Батырканова чынында эле көрүүчүлөрдүн эсинен чыкпай турган өзгөчө жан эле.

Сагын Ниязалиева өз сөзүндө Батырканованын эл билбеген дагы далай таланты ачылбай кеткенин, ал акыркы кезде поэзияга кызыгып, ыр да жазып жүргөнүн эскерди.

getImage (1)

Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Ал өзүнүн чыгармачылыгында “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине, президенттин Ардак грамотасына татыган.