«Салам, Кыргызстан!» кезектеги чыгарылышын тартат, жабылары жалган маалыматпы?

Бүгүн КТРКда “Салам, Кыргызстан!” көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы тартылат. Маалыматты “Азаттык” радиосуна каналдын башкы директору Илим Карыпбеков тастыктап, бирок бул акыркы программалардын бири экенин белгилеген:

— Ал долбоор жабылды. Бирок эфирдин планына киргизилип калган эки көрсөтүү бар болчу. Бизде эфир эки жума мурда даярдалат. Көрсөтүүнү тартуу программага кирип калган, коноктору чакырылган. Аларды жокко чыгара албайм. Экөөнү тартышат, ошону менен бүттү.

Илим Карыпбеков “Салам, Кыргызстан!” мурда продакшн-студияда тартылып келгенин, кийин толугу бойдон КТРКнын продуктуна айланганын, азыр анын ордун толуктай турган башка программанын концепциясы иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

«Салам, Кыргызстан!» жабылганын КТРК жетекчилиги 16-мартта жарыялаган. Буга көрөрмандардын сын-пикири себеп болгону айтылган.

Анын алдында ырчы Клара Алибекова катышкан чыгарылышынан үзүндү Интернетке тараган. Анда алып баруучулар аягында ырчыны шылдыңдап сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле «чыпалак баатыр» атыккан Зарлыкбек Аликеновго да күлүп жаткан видеосу Интернетте тараган болчу.

Булак: Azattyk.kg