Неберенин жытын искеп, бакытка балкыган жылдыздар

 

 

Легендарлуу диктор Бактыбек Мамытов өмүрлүк жубайы жана неберелери менен.

2-003

 

Азыр сегиз неберенин чоң атасымын.  Алды үйлөнүп калды. Небере деген өз баладан дагы ысык болот экен. Биздин колубузда турган баламдан эки неберем, айылдагы баламдан эки неберем бар, ошолор бизге абдан жакын. Азыр байбичем экөөбүз ошолордун жытына тойбой, аларды бакканыбызга ыраазы болуп олтурабыз.

 

Белгилүү акын Жыпара Исабаеванын апасы чөбөрөлөрү менен.

image (50)

 

Бул сүрөттө Жыпара эже өзү небереси менен.

image (51)

 

image (52)

 

Кызым толготкондо өзүм толготкондой, ичим ооруп чыккан. Неберемди көрүп алып, өзүм көз жаргандай кубанганымды сураба! Небере ширин болот деген чын экен, көзүмө неберемден башка эч ким көрүнбөй калган эле. Жолдошум «сен өзүбүздүн балабызды карабай небереңди карайсың да. Небереңе болушуп өзүңдүн балаңды урушасың», деп таарынгандан кийин жолдошум барда неберемди көп эркелетпей турган болуп калдым.

 

Куудул кубик Калыков уул — кыздары, небереси менен.

image (53)

Неберелүү болуп, таята болгонумда катуу сүйүнгөм. 

 

 

image (48)

 

image (49)

Небере деген баладан да таттуу болот экен. Неберелериме көп нерсе үйрөткөнгө аракет кылам. Неберелерим менен жалаң кыргыз тилинде сүйлөшөм. Балдарымды орус бала бакчага берип, анан кийин кайра кыргызча үйрөтө албай кыйналганбыз.

 

image (54)

 

Алгач таята болгонумда башкача сезимдер болуп толкундангам. Кызым Айдай менен күйөө балам Францияда болгондуктан, кызым ошол жактан көз жарды. Кудаларым болуп бул жактан эле небере жууганбыз. Анан «бардык эле неберелерибиз Францияда төрөлө бербейт да» деп ал жактагы эӊ белгилүү Жозефина деген ысым ыйгардык. Андан кийинки небереме да кудалар менен кеӊешип, Хадижа деп койдук. Неберелерим менен көп ойнойбуз. Моюнума көтөрүп, ага ат болуп үстүмө мингизип алам. Кээде бутума отургузуп, самолёт болуп ойнойбуз. Кыскасы, неберелерим  келсе үй толуп, өзүнчө эле майрам болуп калат.