Мазактаган сөздөргө жооп берүүнүн 7 жолу

Биз күн сайын көңүл ооруткан таарыныч сөздөрдү угуп же болбосо, качанкы бир таарынычтарды эстеп, көңүлүбүз ооруп кетет.  Ачуу, жанды кашайткан сөздөрдү коомдук жайларда,  кезекте турганда же авто тыгында турганда угабыз.  Баарынан эң жаманы — жакындарыңа, үй – бүлөңө айтылган, намыска тийген сөздөр бул сөздөрдүн чындыгы барбы же жокпу ал мааниге ээ эмес.

Ошон үчүн ар бир айтылган, көңүл оооруткан сөздөрдү да, ашыкча нервибизди коротпой, өзүбүздү таштап салбай аны  туура кабыл алганга да  үйрөнүшүбүз керек.

Ал кантип?

 

Түшүнүүгө аракет кылыңыз 

 

Картинки по запросу

 

Башкалардын дайыма көңүлүн оорутуп көнгөн адам, биринчиден өзүнүн жашоосуна ыраазы эмес.  Эгер сиз чындап эле таарынтып жаткан адамдын сөзүнө, эмне себептен мындай иш кылып жатканына түшүнбөсөңүз анда андан түз барып себебин сураңыз. Эсиңизде болсун таарыныч сизге гана чектелген эмес, окуяны сырттан карап, себебин аныктаңыз. Балким, ал адам жолдон келе жатып бирөө менен урушуп кетти, же машина сүзүп алды,  же ушу сыяктуу башка бир маанай чөктүрүүчү окуяга кабылды.

Себебин аныктап алгандан кийин, бул таарынычты өткөрүп ийүү да жеңил болот.

 

Далилдеңиз

 

d46b71e0b242f2ec8ab7f9d69328bc85

Айтылган туура эмес сын-пикир комментарийлерге жооп бериңиз, жан дүйнөңүздү эч качан жаман сөздөр үчүн курмандыкка чалбаңыз.

 

Тике караңыз

 

4be79ab05bec13b78e81fdc085713d16

 

Эстеңиз, сиздкинен кыйн учурдан да өткөн адамдар болгон. Алардан дем — күч алыңыз. Айтылган жаман сөздөргө тике туруу – өтө оор. Душманга тике караңыз.

 

Жагымдуу маанайга буруп ийүү

 

10647182_1001725849844659_7168036591933986993_n

Айтылган жаман сөздөргө сындарга каршы курал – бул күлкү анан  жылмайып жүрүү.

Ошон чүн, анын айткан сөзүнөн юмор чыгарып ийсеңиз бул абдан сонун болот.

 

Кандайдыр бир белги колдонуу 

Бир эркек аялын дайыма элдерге жамандап, сындай берчү экен. Мындан тажаган аялы жанына дайыма бетин аарчыган сүлгүнү кошо ла жүрөт. Качан конокто күйөөсү баягы адатынн карматканда, аялы сүлгү менен жүзүп жаап алат. Ошондо гана күйөөсү бул ишти кылганына өкүнүп, мындай жаман адаттан арылыптыр.

 

Макул болуңуз

 

келин-2

Кээде сынга да макул болуңуз. Эгер сен мындай бол, тигиндей бол десе «ии ооба»,  «макул»  деп туруп, ары барып, өз ишиңизди кыла берсеңиз экинчи ал адам сизге сын айткыс болот.

Кечиримдүү болуу да – ары биздин өсүшүбүзгө өбөлгө болот.

 

 Ар бир нерсеге эле кыжырдана бербей…

 

Картинки по запросу фото смеется

Сиз эч качан көңүл ооруткан сөздөрдөн кутула албайсыз. Ошон үчүн кээ бир учурларды кадимки көрүнүш катары кабыл алып коюңуз.

Көпчүлүк  бирөөнүн көңүлүн калтырбаганга аракет кылат, бирок кээде ката кетирип алабыз.