Мандаринди жегенге болбоочу 3 себеп

Өткөн саныбыздагы Кытайдын зыяндуу тамак-аштарын жазгандан кийин, кайрадан окурмандардын суроолору боюнча зыяндуу, химикат кошулуп өстүрүлгөн  өсүмдүктөр жөнүндө жазууну чечтик.

1 (2)

 

Биринчиден, мандаринди кичинекей балдарга тынбай берүүдөн өтө сак болуш керек. Бул жемиштин аллергия чакыруучу касиеттери бар.

Экинчиден, ашказан оорусу менен жапа чеккендерге; мисалы  язва оорусу, гастрит оорусу барларга мандаринди жегенге болбойт.

Үчүнчүдөн, мандариндин сырткы кабыгына токтоло кетсек: мандариндин кабыгында, эфир майы көп болот. Бул майлар боор, өпкө, табарсык ооруларына алып келиши мүмкүн. Мандариндин кабыгын күнүмдүк турмушка колдонууга болбойт. Мисалы: варенье жасоого, ооруларга каршы демдеп ичүүгө ж.б.  Мандариндин кабыгы жылтылдап турса, анда химикалык элементтер бар деп түшүнсөк болот.

 

mandarin-risunok13

 

Эсиңиздерге сала кетсек, быйылкы жылы Россия өлкөсү, оорулардын алдын — алуу максатында, Пакистанда жана Турцияда  өндүрүлгөн мандариндерди сатып алуудан баш тартышкан. Эң арзан баада мандариндерди Пакистан жана Турция экспорттойт.