Лондондук селсаяктын, ызгаар сууктагы, мээримдүү жүрөгү

Жакшылык кылуу үчүн сөзсүз эле колуңда байлык же бийлик болуштун кажети жок экенин, бир гана адамдык сапат жана мээримдүү жүрөк керек экендигин тастыктаган Лондондук селсаяк, 22жаштагы Шарлотт Эллиске  жана Тейлор Уолдонго кыштын ызгаар суугунда жасаган мамилеси менен көрсөттү.

Демек сөз башынан болсун.

Шарлотт менен Тейлор поездке кечигип калышып январдын ызгаар суугунда 4 сааттан кийин келе турчу поезди күтмөй болушкан.

25120965-14610878_10153876754962461_3597503666874713209_n-1484835358-650-247e0d52d3-1485247975

Аларга бир Джоуи аттуу селсаяк келип, өзүнүн пальтосун жана жуурканын сунган: «Алгыла, силер поезди көпкө чейин күтөсүңөр, а бүгүн болсо күн суук».

25121115-16142821_10154086751402461_3113277420103047609_n-1484834799-650-93d6ea4c85-1485247975

Жардамдан баш тартпаган эки жаш, ага жооп катары үйлөрүнө чогуу кетүүнү сунушташат. Джоуи жуунуп, эс алып жана тамактанып алышы үчүн.

25121065-15978117_10154336838382773_1233876223650012384_n-1485175800-650-7e201d61f1-1485247975

Башында Джоуи буга ишенген эмес. Бирок Шарлотта ансыз кетүүдөн баш тарткан. Бийкеч бул окуяны Фейсбук аркылуу бөлүшүүнү туура көрдү.

25121265-RLP_MDG_170117THISMORNING_14JPG-1484835632-650-732505628e-1485247975

Жүздөгөн фейсбук колдонуучулары Шарлоттанын бул окусы менен бөлүшүштү. Арасында терс пикирлерин айткандар да болбой койгон жок. Шарлотта бул тууралуу мындай дейт: «Адамдар билбей туруп, айта беришет. Ага бир  гана – өзүнө бир аз ишеним керек эле. Адам көчөдө калса эле аны жаман дебеш керек. Алар сиздер жана мен сыяктуу эле адамдар».

25121165-homelessjobjpggallery-1484836055-650-908cb1da6a-1485247975

Эки жаштын достору Джоуга телефон жана кийим белекке беришкен. Беш күндөн кийин Шарлотт менен Тейлор Джоуга жумуш таап беришти. Шарлотт өзүнүн фейсбуктагы баракчасында мындай дейт: «Жакшылык кылып, бирөөнүн жашоосун өзгөртүү колдон келет экенин элдер түшүнөт деп ойлойм».