Кыргызстанга келген туристтердин төбө чачын тик тургузган 10 көрүнүш

Биздин мекен тоолуу болгондуктан, ар бир чет элдик жарандар эс алып кеткиси келет экен. Ооба, мекенибиздин кооздугунда сөз жок. Бирок чет элдик меймандардын жанын кашайткан учур да көп кездешет. Атайын Кыргызстанга келип кеткен чет элдик коноктордон сураштырып көрсө, ал жан кашайткан учурлар төмөндөгүчө:

 

  1. Эх жолдор…жолдор

4561641c4c7403bbdb0c32049f084d3c

Чет элдик коноктор биздин жолдорду, жапайы токойго салыштырышып, же болбосо катуу айтканда «өлүп калган жол» деп айтышат экен. Бул кемчиликти албетте моюнга алабыз.

 

  1. Уят…

c653f0f27861f897cb67a8d6285dcb1d
Жан кашайткандын экинчи тизмегине коомдук жайдагы ажааткана жана анын жоктугу. Андагы тазалыктын таптакыр жоктугу…

 

3. МАИ

 

75d897da879c17194954c9fc939ed1fa

Карыш баскан сайын, шурудай тизилген, коррупцияга малынган бул МАИ кызматкерлери дагы бир  көрктү бузуп коёт. Бул бир гана чет элдик коноктордун маанайларын гана бузбастан, жергиликтүү жашоочулардын дагы көңүлүн түшүрөт.

 

 

4. Таштанды салгычтар кана?

 

c9a42606c0613f560b0722558af1e1bc

Кыргызстанда ар бир жаран тазалык менен күрөшсө, бул жан кейиткен көрүнүштү көрбөйт элек. Же таштанды салгычтан жок, болсо дагы ал жетпей калабы, айтор, минтип жерде таштанды үйүлүп жаткан көрүнүшкө биз көнүп деле калдык окшойт.

 

5. Коомдук транспорт

chemy1

 

Коомдук транспорттогу этиканы сактабаган айдоочулар дагы чет элдик коноктордун бир топ эле көңүлүнө тийиптир.

 

6. Кечигип келүү

 

dd84fcfb6b25ae9510782c43442c2283

Кыргызда кечигүү канында барбы, айтоор чакырган жерге кечикмейин барбайбыз. Кыргызстанга келген чет элдик конокторду бул биздин жаман адат катуу таң калтырат.

 

7. Ошол баага жарашы сапаты болсо кана?!

 

70671cf91dd91f476ee2dcf8a9972dc4

Туристтерди тейлеген баардык коомдук жайлар, таксисттерден баштап , мейманканага чейин баа асмандын башы. Ошого жараша сапаты да жооп берсе деп коноктордун зээни кейийт экен.

 

8. Жергиликтүү «тентектер»

 

ad1e7622421dea2df14e02e040daca60

Жергиликтүү «тентектер» бир гана коноктордун эмес, биздин дагы үрөйүбүздү учуруп турат. Буга мисал катары, бир окуяны жаза кетсем, ноябрь айында эки турист, борбордун так ортосундагы Эркиндик эс алуу багында  сейилдеп жүрүшкөн жеринен биздин «тентектер»  шымына чейин тоноп кетишет. Туристтер бул жер шаардын так ортосу болгондуктан, коопсуз деп тандап  сейилдеп жүрүшкөн экен.

 

9. Эне тилин билбейм дегендер

 

b9d6a9190176cd99219f798e21994025

Кыргызстанда туруп, кыргыздарга суроо берсе орусча жооп берген «патриот» мекендештерибизге таң калышат. Кээ бир туристтер кыргызча үйрөнүп, кыргыздарга суроо берсе, орусча жооп берип, же эне тилин билбейм деп басып кеткендер бар.

 

10. Бир саат мурун чакырган тез жардамдан дайын жок

fbab2ee4d9fc0f6f1c242ec34206459c

Тез жардамдын кечигип келүүсү.