Кыргызстанда сойкулук жылдан-жылга өсүүдө

Адал эмес, арам тамакка көнүп, жашоонун жеңил жолун тандап, тагыраак айтканда сойкулукту тандап алган кыздар Кыргызстанда күндөн-күнгө өсүүдө. Мындай кейиштүү көрүнүш ар бирибизди ойлондурат. Биздин кыргыздын кыздары мурда ушундай жол менен жан бакчу беле? Дегеле бул сойкулук кыргыздарга качан келген? Бул жолдон канткенде өсүп келе жаткан муундарды сактап кала алабыз?

Image result for фото проституток бишкек милиция

Сойкуллукка эки жол менен барышат:  1) биологиялык (тубаса сойкулукка болгон умтулуу), 2) социалдык (социалдык жетишпестик).

Image result

Бишкекте сойкулук менен алектенгендердин так саны жок. Бирок, ички иштер кызматкерлеринин түнкү рейтинин жыйынтыгы менен, күнүнө 3000ге жакын кыздар сойкулук кылуу үчүн чыгышат. Андан сырткары, бул кызматты көрсөтөтө  турган сауна жана менчик мейманкналар бар. Жалпы эсеп менен борбор калаабызда 600гө жакын сауна, 1500 ге жакын менчик мейманканалар бар.

Image result for фото проституток бишкек милиция

Бул көрүнүштүн жыйынтыгы, бир гана коомдук тартипти бузганга кирбестен, айыкпас ооруга чалдыгууга да алып келет. Сойкулукту кесип кылып, атүгүл жашы жете элек кыздарды бул жолго түртүп, ортосунан пайда көргөндөр да жок эмес. Эгерде буга кандайдыр бир иш-чара колдонбосо, бул нерсе өсүп, биздин маданиятыбызга чоң залакасын келтирүүсү толук мүмкүн.

Ошол себептен, башкы ички иштер министрликтин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаевдин демилгеси боюнча «Коомдук адепке каршы кылмыштарга,  күрөшүү боюнча каршы бөлүм» түзүлгөн. Бул иш — чаранын башкы максаты төмөндөгүчө:

  • Сойкулукка жарандарды саткан жана сексуалдуу зомбулук үчүн жарандарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жана киргизип жаткандарга кылмыш ишин козгоо;
  • Жашы жете элек кыздарды сойкулук жолуна түрткөндөргө жана жыныстык оору менен ооругандарга иш-чара колодонуу;
  • Туристтик агентстволорду, никелешүү агентстволорду, сулуулук конкурсун өткөргөндөрдү, чет жерлерге жумушка орноштуруу менен алек болгон агенстволорду, түнкү клубдарды, стриптирз барларды, массаж жасоочу салондорду текшерүү;
  • Бул кылмыштардын алдын-алуу боюнча жергиликтүү эл менен, укук коргоо жана бейөкмөт уюмдар менен түшүндүрүү ишин жүргүзүү;

 

Image result for фото проституток бишкек милиция

 

Тилекке каршы, сойкулук менен күрөшүүгө жалгыз ИИМдин күчү алсыз. Буга жалпы коомчулук жапатырмак киришсе жакшы жыйынтык бермек беле. Баардыгы барып коррупцияга такалат.

Бул жолго баргандардын жашы 17 — 45 жашка чейинкилер. 80% жаш кыздар түзөт. Арасында балалуулар да кездешпей койбойт.

23 – 25 жашка чейинкилер 97 % түзөт, кыргыз кыздары 67% түзөт, орто билимин аяктай электер 80% түзөт, турмушка чыга электер 77% түзөт, иштебегендер 80% түзөт.

840647

 

Сойку менен алектенгендердин арасында чет тилдерди билгендер да бар. Булардын кызмат баасы башкача. Сойкулар: элита, жылдыз, валюта, мейманкана, түнкү көпөлөк, автобекеттик, чакыруу менен, көчөдө тургандар болуп бөлүнүшөт.

Image result

Бул жолго баргандардын көбүнүн жакын туугандары, ата- энелери  билбейт. Айрым жаш кыздар зордуктоого кабылгандан кийин ушул жолду тандап алышкан.

Сойкулук — бул социалдык көйгөй. Мунун аягы айыкпас, жугуштуу оору менен аяктайт. Улутка да чоң залакасын тийгизет. Бул бир гана Кыргызстандагы көрүнүш, ал эми Россияда, Турцияда да биздин кыздар сойкулук боюнча алдыңкы орунда тураары жан кейитет.