Кыргыздын «сары» жана «кара» күйөө балдары менен таанышабыз

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өткөн жылдын 27 — августунда  турмушка чыкканын билебиз. Анын жолдошу орус улутундагы Константин аттуу бала. Алиянын бул тандоосуна ата-энеси каршы болгон эмес. Үйлөнүү той чакан адамдар менен гана өткөн. Болгону 30га жакын адам келген. Джаз стилиндеги музыка ойнолгон той, жабык тойкананын 11- чи этажында өткөн.

photo_193854

Кыргыздын бул күйөө баласы 1992- жылы Бишкекте туулган. Кесиби боюнча программист. Алия экөө 4 жыл мурун социалдык тармактан таанышышкан. Алия жолдошу тууралуу төмөндөгүлөрдү айтат: «Ал мага караганда аябай зирек жана абдан мээримдүү» .

 

wx1080

 

Алиянын орус улутундагы мырзаны тандаганы көпчүлүккө жага берген эмес. Бул жөнүндө ал мындай дейт: «Мындай жапырт улутчулдук – көпчүлүктүн оюнун төмөндүгүн көрсөтөт. Тилекке каршы, бизде ою караңгы адамдар абдан көп. Бирок, маданияттуу адамдар андан да көп».

 

wx1080 (1)

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана «Дордой» клубунун коргоочусу Даниэл Нии Арма Тего кыргыз кызы Элнура Орозбаевага  2015-жылы баш кошушканы  баарыбызга маалым.

photo_191560

 

Экөө социалдык тармак аркылуу таанышышып, 2 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Экөө бири – бири менен англис – орус тилдеринде сүйлөшүшөт. Даниэл Нии Арма Тего  акырындап кыргыз тилин үйрөнүп жаткан кез.

 

119BDE48-2A4E-4820-92EF-59190BD9EFA4_cx0_cy19_cw100_w650_r1_s

 

Элнурага Африкалыктан башка кыргыз бала калбай калыптырбы дегендерге, жолдошу мындай деп жооп берет: « Мен эмне, адам эмесминби? Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишкенге башканын акысы жок. Элнура акылдуу кыз. Өзүнө кандай адам керектигин өзү билет. Экөөбүздү тагдыр, сүйүү бириктирди. Сүйүү улут тандабайт». Учурда экөөнүн ортосунда бир бала бар.

 

C662E82C-0861-4B28-A33F-A7B3EE8DCF32_cx0_cy3_cw100_w650_r1_s

 

Кыргыз элине белгилүү ырчы Гулзинат Суранчиеванын жолдошу азербайджан улутундагы мырза.

 

maxresdefault (13)

 

Экөө 2001- жылы кафеден таанышышып, 2003-жылы баш кошушкан. Жолдошу учурда ИИМдин кызматкери. Жолдошу тууралуу төмөндөгүлөрдү айтат: Сөзүнө турган адам. Менин артыман көпкө чейин чуркады. Ошонусу менен мени таң калтырды – дейт ырчы. Учурда экөө бир кыз, бир баланы тарбиялап жаткан учурлары.

 

грп