Клара Алибекова «Салам, Кыргызстан» берүүсү тууралуу өз оюн айтты

Белгилүү ырчы Клара Алибекова «Салам, Кыргызстан!» көңүл ачуучу телекөрсөтүүсүнүн токтотулушу тууралуу өз оюн айтты. Ал  билдиргендей, алып баруучулардын тамашасы катуу тийген.

«Бул телекөрсөтүүгө бир жыл мурун катышкам. Эфирди көргөн жакындарым, туугандарым
«сени катуу тамашалап, кемсинтип коюшту» деп айтышкан. Бирок мен телекөрсөтүүнүн алып баруучулары ырчынын баарын эле ушундай тамашага салышат деп көӊүл бурган эмесмин. Мындан улам эч кимге арызданып барган жокмун. Кийин социалдык тармактарды карасам эл нааразы пикирлерин билдирип жатышыптыр. Чынында, алып баруучулардын тамашасы мага да катуу тийген болчу. Алар менин кесиптештерим болот. Ошентсе да тамашанын чеги бар», — деди ал.