Кечкисин телефон менен алек болуу — денеге кандай зыян алып келет?

 

Уюлдук телефон — тынч уйкунун душманы

 

25554465-Depositphotos_11504243_original-1486020785-650-928c21eae6-1486020900

 

Тынчы жок уйку. Унутчаактык? Бул көрүнүштөр сизге таанышпы? Демек, сиз уктаар астында телефон менен отурасыз. Бул көрүнүш аягы барып, организмге терс таасирин тийгизүү менен аяктайт.

Уюлдук телефондун айынан, уйкунун  бузулушу толук мүмкүн. Колифорниялык окумуштуулардын  изилдөөсү менен, эгер адам уктаар алдында социалдык баракчаларын текшерүү жөнүндө ойлонсо, анда ошол замат дароо мээге сигнал кетет: «Уктабаш керек. Уктаарга убакыт келе элек!» Уюлдук телефондун экранынан чыккан жарык– уйку үчүн жооптуу бир гормонду тындырбай  иштетет. Ошон үчүн бизге телефон менен алек болуп жатканда, уйкубуздун келбегени сезилет.

 

Уйкусуздуктун зыяны

 

520913831(2)

 

Организмге 7-9 саат уктоо керек. Эгер биз норма менен уктабасак, анда нейрондор зыянга дуушар болот. Жыйынтыгында эс тутум начарлап, иммунитет ылдый түшүп, денебиз бат карый баштайт. Андан сырткары, уйкусуздук организмди чарчатып, аппетиттин жогорулашына алып келет. Бара – бара адам салмак кошо баштайт. Ошон үчүн уктоонун алдында, бир саат мурун уюлдук телефондон алыс болуу керек. Уйку тынч болсун үчүн.