Күлүп жүрүп ооруну жеңген Салтанат Саматова

Мен  музыкага жакын өстүм. Микрафонду кармап алып ырдап, сызгычты – скрипка кылып, а диванды – пианино катары элестетип ойночумун. Бүт совет ырларын жатка билип, радиону тынбай угуп, ди – джейдин сүйлөгөндөрүн байкап тураар элем.

Image result for Салтанат Саматова фото

 

 

Мен кыялкеч, романтикмин. Менде көпкө чейин өзүм сүрөттөп алган эки  дүйнө жашачу. Анын  бири — окуучу , студент кыз, а экинчи дүйнөмдө – мен баатыр. Анан кийин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин … бул ойлонуп жүргөн дүйнөмө кайтуу  мен үчүн кызыктай болуп калды.

 

Image result for Салтанат Саматова фото

 

Телеге караганда, мага радио жакын. Радиодон жашыруунсуң, радиоугуучуларга көрүнбөйсүң, бир гана үнүң угулат. Сени тышкы келбетиң үчүн сыйлашпайт, чыныгы талант үчүн сыйлашат.

 

1030675155

 

Биринчи карьералык жолумду – радиодон баштагам.

 

3fe3339cb28bf68e39c761f06a4a98b6

 

Ди –джейлик, сага өзүң боюнча калууга мүмкүндүк берет, а теледе сен бирөөнүн образын жаратышың керек.

 

 

Image result for Салтанат Саматова на телеэкране

 

Теледе  мен  аябай ачыкмын.

Image result for Салтанат Саматова

 

Үйдөн – таптакыр башкачамын.  Үйдө жалкоо жана тынч жүргөн айыммын.

Image result for Салтанат Саматова

 

 

Жанымда бирөө болсо, мен дароо башкача боло түшөм.

6a0f6dcdec2cd4e96a7c0c846ccc2e0b

 

Кээде мен көпчүлүктөн бөлүнүп, жалгыз калгым келет. Жалгыздыгыма  1-2 мүнөт жетет.

eca42d54e680e8cb68bb44b9abe41717

 

 

Мен – коомчулуктун адамымын.

Image result for Салтанат Саматова

 

 

Азыркыга чейин рак экениме ишенбейм. Салкын кандуу карайм. Бирок, адамдар негедир коркунуч менен карашат, аталышын оозуна алгандан да чочулашат. А мен позитивдүү карайм, себеби, бул дартты жеңе алам. Баары жакшы болот,бул адамдын маанайына жараша. Андан тышкары, адамдын дарылоону канчалык эрте баштаганынан көз каранды. Мен кокусунан билдим. Айланамда баары ыйлап атышты, мен эч нерсени сезген жокмун. Бул менин эмес, башкаларды сырттан карап аткандай болгом. Андан бери бир эле жолу ыйладым, негедир аябай ыза болдум. Капа болбодум, тагдырга таарынган жокмун, мурас жазбадым.

3c2bb2110fca004da465a1acb4924708

 

 

Чарчоо басты мени, томографиядан өтүүнү сунушташты. Андаметастаз байкалды. Рак туурасында атайын окубадым, изилдебедим. Кээ бири көз тийди дейт, айрымдары бир нерсеге болгон таарынычыңдан дешет. А бирок мен бул Кудайдын сыноосу деп эсептейм. Кыйынчылыктар болгону бизди күчтөндүрөт. Демек, мен муну жеңип, жашап кетүүгө тийишмин.

Image result for Салтанат Саматова

 

 

Рак – бул өкүм эмес, айыкса болот. Мен 98,9% жеңдим.

Image result