Күйөөсү болгон акчаны өзү менен кошо, аркы дүйнөгө алып кеткиси келген. Акылдуу аялы эмне кылды деп ойлойсуз?

Бир киши өмүр бою иштеп тапкан акчасын дайыма чогултуп жүргөн болот. Ал абдан байлыкты сүйүп, болгон акчасын аркы дүйнөгө да алып кеткиси келет. Өлүм астында аялына айтат: «Мен өлгөндө, менин акчамдын баардыгын кутуга салып, жаныма коюп кой. Мен аны өзүм менен кошо тиги дүйнөгө алып кетким келет».

Ошентип ал аялынын сөзүн алат. Аялы шартты аткармак болуп, катуу убада берет. Убакыт сааты келип, киши өлөт. Жерге коюлганда , аялы күйөөсүнүн жакын досунун жанында отурат. Сөөктү көмөөрдүн астында, аялы көмбөй туруусун өтүнүп, сөөктүн жанына кутуну койот.

 

muzh1-750x561

 

«Сен болгон байлыкты ушул көргө салдың деп ойлобойм»- дейт аялдын теңтушу.

«Мен ага убада бергем, мен үлгүлүү христианкамын, салышым керек»

«Сен бүт бир тыйынга чейин салдыңбы» — дейт таң калган теңтушу.

«Албетте – деди аялы. Мен анын баардык акчасын чогултуп, өзүмдүн капчыгыма (счет) которуп койдум. А чекти чыгарып койдум. Өзүнө керек болгон убакта майдалатып алсын!»

 

muzh2-750x561