Голливудду багындырган кыргыз каскадёрлору

Голливудду багындырган кыргыз каскадёрлору

 

kaskaderm

 

Үсөн Кудайбергенов. Бул ысымды укканда кыргыз каскадёрлорунун анабашы эске түшөт. Ал «Өзбекфильм» киностудиясында тартылган «Генийдин жаштыгы» кинотасмасында ат менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, ал трюк «Гиннес рекорддор китебине» жазылган. Анын жолун жолдоп оттон, суудан, бийиктиктен коркпогон каскадёрлордон бүгүн да уучубуз куру эмес.

«Күндүзгү кароол» тасмасындагы атчандардын дубалды сүзүп өткөн эпизоду эсиӊиздеби? Голливуддун атактуу «Ээ-жаа бербегендер» тасмаларычы? 47 самурайдын эрдигин чагылдырган «47 рониндер» тасмасындагы кылыч менен ырайымсыз салгылаштар… Айтор, ушундай кооптуу, оор эпизоддорду биздин мекендеш каскадёрлор жаратып келишет.

СУЛТАНБЕК ДЫЙКАНБАЕВ, 57 жашта

kaskader1

 

 

Туулган жери –Бишкек шаары

Билими – Орто

Тартылган тасмалары – «Монгол» (Орусия, Германия, Казакстан), «Көчмөн» (Казакстан, Франция), «Миӊ бала» (Казакстан), «Көз жаш жана кылыч», «Туткун» (Тажикстан), «47 рониндер» (АКШ), «Марко поло» сериалы (АКШ), «Кожожаш», «Каныбек», «Курманжан датка» (Кыргызстан) жана башкалар

kaskader

– Султанбек мырза, ары татаал, опурталдуу каскадёрлук кесипке кандайча баш багып калдыӊыз?
– Каскадёр болушума агам Сатар себепкер. Анын трюктарды аткарып жүргөнүн көрүп мен дагы каскадёр болууну чечтим. Ал мага кантип туура кулаш керек, секиргенде кайсы жерге так түшүүнү болжош керектигин үйрөттү. Ошентип 16 жашымдан баштап трюктарды аткарып, 18 жашымдан тарта тасмаларга тартыла баштадым.

ТОЙЧУБЕК СЕРКЕБАЕВ, 46 жашта

kaskader2

 

Туулган жери – Нарын облусунун Кочкор району, Кара-Тоо айылы

Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, кинооператор

kaskader3

 

Тартылган тасмалары – «Монгол» (Орусия, Германия, Казакстан), «Миӊ бала» (Казакстан), «Күндүзгү кароол» (Орусия), «Көчмөн» (Казакстан, Франция), «Ээ-жаа бербегендер-1, 2» (АКШ),»47 рониндер» (АКШ), «Марко поло» сериалы (АКШ)
жана башкалар.

kaskader_ronin

– Тойчу мырза, мындай кооптуу кесипти кантип тандап калдыӊыз?

– 1990-жылдары Дене тарбия институтунун даярдоо курсун аяктап калганда ипподромдон «Кырк кыз» деген каскадёрлук топтун машыгып жатканын көрүп калдым. Байкасам, менин колумдан келчү нерселер. Агайга барып «мен деле булардай секире алам» деп билген трюктарымды жасап топко алынгам. Ал жактан жигитовка жасап, көп трюктарды үйрөндүк. Топто жүргөндө Үсөн Кудайбергенов биринчи жолу бизди Тажикстанга бир фильмге тартылганга чакырды. Ошентип каскадёрлуктун артынан тасма талаасына келип калгам.

– Голливуд тасмаларында да тартылып жүрөсүздөр. Аларга кантип барып калдыӊыздар?
– Казакстанда 2003-жылы белгилүү циркач Жандарбек Кунгужинов «Nomad» («Көчмөн») аттуу каскадёрлордун тобун түзгөн. Биз ошол топтун курамындабыз. Белгилүү чет өлкөлүк тасмаларга да ошол топ аркылуу катышып жүрөбүз.