Гитлердин согуштан кийин жашагандыгы тууралуу чыныгы фактылар

 

W_101510_AdolfHitler

 

Согушка катышкан чоң ата , чоң апаларыбыз Гитлердин атын укканда бир сыйра тилденип алышаар эле. Ал алаамат күндү эстешкенде, көздөрүнөн жаш алып, согушта өтүп кеткен кай бир туугандарын, шериктерин эстешип калышаар эле. «Согуш» деген сөздү жөн жерден эле угуп калышса, кантет, жап оозуңду согуштун бети ары кылсын деп айтышчу. Аларга ушундай азап күндү, кайгы – муңду алып келген немис Гитлер жөнүндө  өмүрлөрү өткөнчө чоң ата, чоң апаларыбыз жакшы сөз айтышкан жок. Чоң аталар гана эмес, биз дагы ушул күнгө чейин аталарыбыздын ал кечирген күндөрүн жан — дүйнөбүз эңшериле кабыл алабыз. Гитлердин согуштагы  негизги максаты – биздин жаңгак токой- Арсланбап болгон. Согушту баштап коюп, өзү кан сарайда жашап, канча кишинин азабына , ый — муңуна калып, аягында уу ичип өзү –өзүн өлтүргөн деп тарых барактарында жазылганы менен чындыгында андай эмес деген так фактылар айтып келет.

 

Adolf_Hitler_Speech_558536a

Бразилиялык аспирант Симоне Рене Геррейро Диастын айтымында, Гитлер бразилияга качып барып, ал жерде башка ысым менен 95 жашка чейин өмүр сүргөн.

“Гитлердин бразилиядагы өмүрү жана өлүмү”, — деп аталган китептин авторунун айтымында, фюрер Боливия чегарасынын жанындагы шаарчада жашаган жана 1984-жылы дүйнөдөн кайткан. Бразилияга келгичекти ал Аргентина жана Парагвай мамлекеттеринде жашырынып жүргөн. Бразилиялык аспиранттын айтуусунда, Гитлер күмөн санатпастыгы үчүн, кара денелүү аял менен жашаган. Ысымыны болсо Адольф Лейпциг деп өзгөрткөн. Айылдаштары аны “Кары немис” деп аташкан. Симоне Диас өзү Гитлер жашаган шаардан 48 километр аралыкта жашагандыгы айтылып келет. “The Daily Mail” маалымат кызматынын берген шилтемесинде, Симоне өзүнүн теориясын тастыктоо үчүн бир канча генетикалык экспертизаларды өткөрмөкчү. Ал Гитлердин Израилде жашаган туугандарынан ДНК натыйжаларын алуу үчүн ниет кылууда. Ошондой эле Польшалык медайым, 1980 жылы Гитлер ошол шаардын ооруканасында дарыланганын айткан. Бирок бразилиялык академиктер Симоненин божомолун так маалымат катары кабыл алышпай жаткан учуру. “Бул жаңылык эмес, тарыхчы наамына ээ болгон инсандар, Гитлер түштүк Америкада жашагандыгы жана ошол мамлекеттердин биринде өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөндүгү тууралуу айтып келет”,- деди Мату – Гросу федерал Университетинин Профессору Морейра Родригес. 2009 жылы болсо, бул божомол менен чыккан изилдөөчүлөрдө кандайдыр бир үмүт пайда болгонсуду. Тилеке каршы өткөрүлгөн ДНК натыйжалары Берлиндеги бункерде табылган баш сөөк, Гитлерге тийиштүү эместигин тастыктады. Ошондой эле, Гитлердин бункердеги өлгөнүн анын жан сакчысы тастыктаган. Рохус Миштин (Гитлердин жан сакчысы) өзү 2013-жылдын сентябрь айында 96 жашында дүйнө салган. Анын сөздөрүнө караганда, Гитлерди акыркы жолу башы менен үстөлдө кулап жатканын көргөн. Аны көргөндөн бир аз мурда эле октун атылган үнүн уккандыгын айткан. Азыркы учурда ар бир изилдөөчүлөр өздөрүнүн билген версиялары боюнча изилдөөлөрүн улантууда.