Денедеги шишикти кетирүүчү 10 жер-жемиш

Кээде эртең менен турганда денебизди шишик басып калат. Эгерде астыбызда жоопкерчиликтүү күн турган болсо, бул учурда эмне кылуу керек?

Kurut.kg сайты бул суроого жооп табууга аракет кылды.

 

  • Алма

Как-рисовать-яблоко
Бир күндө 2–4 даана алма жесек, шишиктен кутулууга жардам берет. Дагы бир жакшы жагы – тамак сиңирүүнү жакшыртып, ар кайсы оорулардан сактайт. Алманы чийки жана бышырып да жесе болот. Алма арыктаганга дагы жакшы жардам берет.

 

 

  • Петрушка

 

Petrushka-dlya-pokhudeniya

Петрушка —  жашылчалардын ичинен тармал гана болбостон, заара чыгаруучу касиетке ээ. Петрушкадан жасалган салатты эртең мененки жана кечки тамактанууда жесе, шишиктен арылтууга жардам берет. Өзүнө көп белокту жана аз калорияны камтып, диета учурунда тамактын ордуна колдонсо болот.

 

 

  • Алча

1393584021_vishni

 

Алча, малина, кызылгат, малина, чие – бул жер – жемиштер өздөрүнө калий менен магнийди камтып, ички органдагы керексиз заттардан арылтат. Жаңы кезинде жесе, ден-соолукка аябай пайда, (туздуу тамактарды азайтып, көбүрөөк кыймылдаш керек)жана  шишикти бат кетирет.

 

 

  • Гречка

219
Гречканын даамы анча жакпаса да, тузун аз кылып алып каша даярдап кечкисин жесе эртең мененки шишиктин алдын алат.

 

 

  • Өрүк

 

Плоды_абрикоса

Өрүк денедеги ашыкча заттарды тазалоого жакшы жардамчы. Өрүктөн жасалган ширени ичсе, бир нече сааттан кийин шишикти жоготот.

 

  • Клюква

 

sdvsdv

Кургак , жаңы кезиндеги клюкванын ширесин (морс), таттуу кошпой ичсе дагы бул дагы шишиктен арылууга жакшы жардамчы. Организмге пайдалуу витаминдерди алып келет. Боюнда бар аялдарга жана үч жаштан өткөн балдарга сунушталат.

 

  • Бадыраң

Cucumbers

Кадимки жаңы бадыраң денненин сырткы бөлүгүнө жана ички организмге дагы жакшы пайдасын берет. Бул жемиш, шишикти жакшы  кетирет. Андан сырткары, бетке сүртсө да  бетти жашартат.

 

 

  • Дарбыз

30582

 

Дарбыз- денедеги зыяндуу заттарды алы чыгуу касиетине ээ. Ошону менен бирге шишикти дагы. Бирок, дарбызды көп жеген да болбойт. Окумуштуулар далилдегендей, дарбызды күнүнө 2,5 кг. ашык жебеш керек.

 

  • Баклажан

baklazhany
Баклажан- шишик менен күрөшүүнүн эң жакшы жардамчысы. Ал денедеги тузду алып чыгат. Шишиктен арылуу үчүн, куурулганын же бышырылганын жебеш керек.

 

 

  • Болгар калемпири

b9106a

Болгар калемпири сулуу көрүнөт дагы көп калийди өзүнө камтыйт. Болгар калемпиринин кызыл түрү, абдан пайдалуу. Анда шишикти алдын – алуучу зат бар. Чийки колдонсо жакшы.

Бул жер-жемиштерди колдонгондо коркунуч туудурбайт.