Чиновниктин балдары кайда окуп, кайда иштешет

2016 — жылдын май айларында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, чет жерде окуган чоңдордун балдарын, мекенибизди уят кылып жатат деп айтты эле. Ал дааналап кайсы чоңдун балдары уят кылып жатканын айткан эмес.

Кайсы чоңдун баласы, кайсы жерде окуурун иликтеп көрдүк.

Кадырбек Атамбаев

82c6cf52ab1ef51c6bb8f6f1a444363f_0_500_0

Президент Алмазбек Атамбаевдин баласы, Кадырбек Турциянын Анкара шаарындагы, Билькент окуу жайында окуган. 2015 – жылы, «Улуттардын ойгонуусу: экономикалык пассионардык теориясы»аттуу илимий эмгегин чыгарган.

 

Алия Шагиева

5e090fa59327b8f769394f4dc25dbb1c_500_0_0

Президенттин кичүү кызы, Алия Шагиева сүрөт Академиясында билим алат. Ал биринчи сүрөттөрүнөн түшкөн 200 миң сом акчасын, кайрымдуулукка жумшаган.

 

Азирет Карашев

b8396993680aaa585a9c02ab2f3a7f3b_0_500_0

Кыргыз Республикасынын Президенттик  аппараттын жетекчисинин орун басары, Аалы Карашевдин уулу Азирет Москва Гуманитардык эл аралык байланыш институтунда окуган. Азыркы учурда Азирет тышкы иштер министринин кызматкери.

 

 

Айгерим Сариева

a5c40905f31e06091399017655290e26_0_500_0

Мурунку премьер — министр Темир Сариевдин кызы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын эмгек жана эмгек акы уюштуруу адиси.

 

Жаңыл Раева

e0041159d046a3c1b58a4a5762685563_500_0_0

Тарых жана маданият жылы боюнча мамлекеттик башкармалыгынын башчысы Султан Раевдин кызы Пекин университетинин тил жана маданият бөлүмүн бүтүргөн. Азыркы учурда АКШда окуйт.

 

Айданек Текебаева

1bda95332f21626b9c39ed7cc0c16e73_500_0_0

«Ата Мекен»  фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Пекинде эл аралык бизнес жана экономика университетинде окуйт.

 

Бермет Исаева

d4f6f7f18ceafe2bb5fe444f2cc09a0a_0_500_0

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаевдин кызы Москва Гуманитардык эл аралык байланыш институтунда окуйт.

 

Чыңгыз Исаев

bcf49086117903077c524468353c6245_500_0_0

Анын кичүү баласы Чыңгыз 2015 – жылы шахмат боюнча окуучулар арасында өткөрүлгөн мелдеште, Азиянын күмүш медалын жеңип алган.

 

Дияс Үмбөталиев

19c0694fcca812bb4ec90e718803bb11

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиевдин баласы азыркы учурда ЖКда депутаттын жардамчысы.

 

Эркин Боронов

d5761bb700a4fad78ada0842d3a8f81e_0_500_0

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун баласы ЖКда депутаттын жардамчысы болуп иштейт.

 

Адилет Баяман уулу

ce74c2a8e53be0496c1fb2457486205f_0_500_0

«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекованын баласы Россия университетин бүтүргөн жана «Алыш» Эл Аралык федерациясынын вице – президенти.

 

Эсенгелди Кожобек уулу

7da3622cb43f5bca89836acec7133820_0_500_0

СДПК фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин баласы грек – рим күрөшү боюнча балбан, 2014 – жылкы өткөн дүйнөлүк жана Азия чемпионатынын катышуучусу.

 

Каныбек Кулматов

159958f0ab9b0fb49e525876f3d21f20_0_500_0

Россия – Кыргыз фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун баласы Москва Гуманитардык эл аралык байланыш институтунда окуган. Атасынын айтысуу боюнча, азыр баласы армияда кызмат өтөп жаткан кези.

 

Айдана Абдраимова

846394666964a5909e85f23b3a442a86_500_0_0

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун кызы КММАнын  студенти.