Бул жапон буюмдары бизде болсо жашоо жеңилдемек…

Техниканын өлкөсү болгон уникалдуу жапон мамлекети күнүгө жашоону жеңилдеткен нерселерди ойлоп табат. Таң калычтуусу бүгункү күндɵ Жапонияда роботтор кызмат өтөп, адамдык ресурстарды үнөмдөө жолдору өнүгүүдө. Алардын айрымдары гана биздин мамлекетте болсо жашоо кадырэсе жеңилдей түшмөк. Алдыда 16 ойлоп табуу менен таанышып алыңыз.
Автозаправка
avtozapravkaБизде машинеге бензин куюу үчүн сөзсүз түрдө катарга туруу керек. Ал эми шланг менен бензин куюу бир топ жөнөкөйлөйт.
Вендинг автоматтары
avtomatЖапондуктар убакытты баалаган калк. Ошондуктан, ал жактан биз автоматтан кофе, шоколадды гана эмес тамак-ашты дагы таап алсак болот. Жада калса үй жаныбарлары үчүн дагы автоматтар иштейт. Бул техника ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөйт.
Компактуу парковка
parkovkaЖапонияда 127 млн калк жашайт, ошондуктан аймакты үнөмдөө аларда биринчи орунда турат. Ал жакта супермаркет, мейманкана, дүкөн ж.б жанынан акылдуу унаа токтотуучу жайды жолуктуруу мүмкүн.
Азиздер үчүн банкадагы суусундуктар
bankaАлюминий банкадагы суусундук Жапонияда азиздер үчүн ылайыкталган. Баардык алюминий банкаларда азиздерге деген жазууну байкаса болот.
Сумкаларга ылайыктуу столдор
stolБизде столдон сумкалар кулай берип ыңгайзыдык жараткан учурлар көп кездешет. Жапонияда бул көйгөйдү оңой эле чечип коюшкан. Чындыгында гениалдуу чечим!
Ванна менен поезд
poezdМындай көрүнүштү эч жактан жолуктуруу мүмкүн эмес. Ал эми Жапонияда электропоезддге билет сатып алып ысык сууга бутту салып, стресстен арылып эс алса болот.
Көчөдө бекер бет аарчы берилет
salfetkaКагаздан салфеткаларды Жапонияда көчөдө бекер алууга мүмүн. Ооруп же сасык тумоолоп калгандар үчүн ыңгайлуу. Таң калычтуусу бет арчылар бекер жана каалаган өлчөмдө берилет.
Көп функционалдуу дааратканалар
unitazЖапониянын дааратканалары эң мыкты. Ал жакта даараткана өзү тазаланып, эшик өзү ачылып жабылып, керек болсо жылытып турат. Айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дагы көп функциялар каралган.
Стресстен арылууга «Лопалкалар»
stressЖапондуктар көп эмгектенет ошого карата көп стресске кабылышат. Ал эми стресстен арылуунун оңой жолу бул шаарчалар бар пленка. Шаарча пленканы көп ирет колдонуп стресстен арылса болот.
Таксидеги автоматтык эшиктер
taksiЖапондуктар автоматтык техниканын сүйүүчүлөрү экени дагы бир далил. Ал жакта таксиде эшиктер өзү ачылып жабылып турат. Жыйынтыгында албетте ал жакта эшикти катуу жаппаңыз деген сөздү угуу мүмкүн эмес.
Уйку канбай калгандар үчүн отель
otelКүн чыгыш өлкөдө үйгө барууга убакыт жок болсо жолдон капсула мейманканага кирип уйкуну бышырып алса болот.
Музыкалык жолдор
muz-zholdorУзака жолго аттансаңыз жолдо баратып жагымдуу мелодия угууга мүкүн. Бул ойлоп табуу айдоочуларды уктап кетүүдөн сактайт деп ылайыкталган.
Мышыктар менен кафе
koshka-kafeМышыктар оорулуу адамдардын дартын тартып алат деп ишенген жапон эли, алардын жада калса кафесин дагы ачышкан. Ар бир уй жаныбарын сүйгɵн адам кафеге келип көңүлүн көтөрүп кетсе болот.
Котацу — столу

kotacu-stolСтол ошол эле учурда жылытуучу касиетке ээ жууркан Котацу абдан ыңгайлуу ойлоп табуу. 18-кылымда эле ойлонуп табылган затты Европада кезиктирүү мүкүн эмес.
Маалымат берүү системасы
maalymat-beruu-sistБаардык шаарларында атайын маалымат системасы иштеп турат, ал жер титирөө, кооптуу учурларда,цунамиде маалымат жеткирип турат. Ал эми баары тынч убакытта музыка ойноп турат. Ал эми түштөн кийин балдар үчүн жомок окулуп, үйгө кирүүгө чакырык жасалат.
Жапонияда жумушта уктоого мүмкүнчүлүк барzhaponiyadaЖапонияда “инэмури” деген термин жумуш ордунда уктоо дегенди түшүндүрөт. Түштөн кийин уйку менен алышууга күч жетпесе жумушта уктасаңыз болот. Бул система жада калса чогулушта да, жетекчинин алдында да иш жүзүнө ашат.