Бул компания кемеде саякаттап, сүрөттөрүңүздү Instagramга жүктөcөңүз айына 300 000 сом төлөп берет

“Круиз Лайнеринде саякаттап, сүрөткө түшүп Инстаграммга жүктөгөндүгү үчүн компания айына 4000 евро (297 600 сом) төлөп берет”…
Кымбат баалуу круиз лайнеринде ааламды кезип, смартфонуңузга сүрөткө түшүп коюп эле жумасына £ 4000 евро (297 600 сом) табуу мүмкүн эмес дейттирсиз?
Бирок, оюңузду Kurut.kg сайты четке кагат. Жакында эле Royal Caribbean компаниясы “экстроординардуу саякатчы” кызматына конкурс жарыялаган. Конкурстан тандалып алынган катышуучу күнүнө 3 эң мыкты тартылган, өзгөчө элес калтырган сүрөтүн инстаграмм социалдык тармагына жүктөө шарты менен, убакытты керемет өткөрүү үчүн деңиз круизине жиберилет.


Royal Caribbean компаниясына 25 акыркы техникалар менен жабдылган лайнер тиешелүү. Аталган лайнерлер конокторго эс алуусуна ыңгайлуу шарттары түзүлгөн, сууга түшүүгө ылайыкталган шаарларда кызмат аткарат. Лайнерлер аба-ырайы жылуу жерлерден сырткары, Канаданын түндүк жээктерине чейин баруусу каралган. Мындан сырткары компаниянын 250 багыттары жер шаарынын түрдүү тараптарында кызмат кылат.

Celebrations as the largest playground on the planet — #harmonyoftheseas, is officially named! ??✨ ? @dmitrycoolcoconut

Фото опубликовано Royal Caribbean UK (@royalcaribbeanuk)


Компанияга жумушка кабыл алынууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү болгону менен, ал оңойго турбайт, тактап айтканда талапкердин бул кызматты аркалоосу үчүн 10 жыл тажрыйбасы жана 5 тилди билүүсү шарт.
Талапкерлерге төмөндөгүдөй шарттар коюлат:

  • 21 жаштан жогору;
  • Смартфон колдонуу;
  • Улуу Британия жана Ирландия өлкөлөрүндө жашоого, иштөөгө укугу;
  • Инстаграмм социалдык тармагын колдонууну жана 23 фильтрлөөнү билүү;
  • Бош убактысынын болуусу жана 2017-жылдын июнь-июль айларында кеминде 3 круизди Нью-Йорк, Кариб аймактары, Азия жана Жерортолукдеңиз багыттары боюнча жөнөтүү мүмкүнчүлүгү;
  • Саякаттоого жана окуяларга болгон күчтүү каалоосу;
  • Өзгөчө таасирлерди бөлүшүүгө каалоосу;
  • Башкаруучулук сапаты, чай даярдай билүүсү-милдеттүү эмес;

The #HarmonyoftheSeas delivery ceremony took place yesterday with our crew of 2,100. Say cheese! ??

Фото опубликовано Royal Caribbean UK (@royalcaribbeanuk)


Конкурстан тандалып алынган бактылуу талапкер күнүнө төмөндөгүдөй 3 сүрөттү инстаграммга жүктөөсү шарт:

  • Лайнердин жалпы бортун чагылдырган- мында деңизди, портту же кеменин интерьерлерин кошсо болот;
  • “Экстроординардуу” жагдайларды пайдалануу- лайнерде же жээктеги кызыктуу окуяларды тартып алуу;
  • Өтө өзгөчө инсан- мисалы эс алып жүргөн коноктор, топтун мүчөсү же болбосо аймактын жашоочусу;

 

Sunset onboard Navigator of the Seas. ?⛅ Photo by Brian Leadingham.

Фото опубликовано Royal Caribbean UK (@royalcaribbeanuk)


Мындан сырткары “Экстроординардуу саякатчыга” өзүнүн эс алып жүргөн окуяларынын видеолорун тартып, колдонуучуларга круизде эс алуунун кандай түрү жагаарын билүү үчүн инстаграммдагы башка колдонуучулар менен бөлүшүүсү шарт. Ушул шарттарды аткаруу менен жумалык акы £1 миң евро. Кыялдагы жумуш эмей эмне?

We hope that you enjoyed #Valentines with your loved ones. Got a love story to share? ?

Фото опубликовано Royal Caribbean UK (@royalcaribbeanuk)


Талапкер болуп катталуу оңой эле- ал үчүн Сиз инстраммга катталып, эң сонун сүрөттөрүңүздү #ExtraordinaryExplorer хештегин коюп, #ExtraordinaryExplorerди белгилөөңүз шарт.
Эгер Сиз круизде саякаттону максат кылган болсоңуз, анда Сиз үчүн учурда максатыңызды ишке ашырууга сонун мүмкүнчүлүк жаралды. Ал үчүн бир гана шашылууңуз керек, анткени табыштамалар үстүбүздөгү жылдын 31-январына чейин гана кабыл алынат.

Miami habour from Majesty of the Seas. ? Photo by @valeriebur.

Фото опубликовано Royal Caribbean UK (@royalcaribbeanuk)