Бир кезде баарыбызды ыйлаткан Шахзода

Image result for Шахзода

Шахзода чын аты – Мусаева Зилола  Баходыровна Өзбекстандын Фергана шаарында 1979 — жылы, 28 — июлда, интеллигенттин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы — Баходыр Мусаев – философия илимдеринин доктору, апасы – мугалим.

Image result for Шахзода с родителями

Бала чагынан музыка менен алектенген Зилола, мектепти аяктагандан кийин Эл Аралык Киев Университетине тапшырып, бирок окуусун аягына чыгарбай, музыкага баш — оту менен кирип кетет. 2001 жылы Шахзода аттуу псевдоним алат да, өзүнүн ырчылык карьерасын күчөтүп, бүтүндөй Орто Азияга тааныла баштайт.

Image result for Шахзода на сцене

2003 жылы, ал өзүнүн биринчи жеке концертин берет. Концертте залга эл батпай калган.

Image result for Шахзода на сцене

Анын бул ийглигинен кийин , режиссерлер киного тартылууга чакыра башташат.

«Фатима жана Зухра» киносун  көргөндө кимдердин гана көзүнөн жаш ыргыбаган.

Image result for Шахзода на сцене

2009 жылы Шахзода DJ Smash менен биргеликте «Между небом и землёй» атту дуетин жаздырат.  Бул дует Муз-ТВ телеканалынан сегизинчи орунду ээлеп, көптөгөн сыйлыктарды алып келет.

Андан тышкары,  Akcent, группасы менен да «All alone»аттуу ырын жаздырып, бул да бир топ популярдуулукту алып келет.

Андан тышкары, ди-джей Шон Бей, аранжировщик жана композитор Эльдар Юлдашев менен да иштешип келет.

Image result for Шахзода википедияАзыркы учурда Шахзоданын популярдуулугу күндөн-күнгө өсүп келе жаткан убагы. Бир гана Орто Азияга эмес, бүтүндөй Европага таанылып, келе жатат десек болот.